Стамбул аэропорту Conde Nast Traveller журналынын Улуу Британиядагы басылмасы тарабынан уюштурулган «Окурмандардын тандоосу – 2026» сынагында «Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» деп табылды.
Стамбул аэропортунун оператору IGA компаниясынын билдирүүсүнө ылайык, аэропорт журналдын окурмандарынын баа берүүсү боюнча 94,29 балл топтоп, биринчи орунду алды.
Болжол менен 350 багытка каттамдарды сунуштаган Стамбул аэропорту Сингапурдун Чанги жана Дубай эл аралык аэропортторун артта калтырды.
Сингапурдун Чанги аэропорту 93,92 балл менен экинчи, ал эми Дубай эл аралык аэропорту 93,18 балл менен үчүнчү орунду алды.
Стамбул аэропорту 2024 жана 2025-жылдары Conde Nast Traveller журналынын АКШдагы басылмасынын окурмандары тарабынан дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт деп табылды.
1909-жылы негизделген Conde Nast басма компаниясы Vogue, The New Yorker, GQ, Vanity Fair жана Wired сыяктуу басылмаларга ээлик кылат. Компания басма жана санариптик басылмалары, ошондой эле социалдык медиа каналдары аркылуу дүйнө жүзү боюнча миллиондогон окурмандарды камтыйт.






















