Түркия дүйшөмбү күнү крым татар жана черкес сүргүндөрүнүн жылдыгына карата жарыялаган билдирүүсүндө, эки окуяны тең адамзаттын чоң трагедиясы катары сыпаттап, крым татар элин колдой турганын кайталады.
Тышкы иштер министрлиги Крым татарларынын 1944-жылдагы сүргүнүнүн 82 жылдыгын жана Черкес сүргүнүнүн 162 жылдыгын эскерүү үчүн билдирүү жарыялап, жүз миңдеген Крым татарлары өз мекенинен ар кайсы өлкөлөрдөгү лагерлерге күч менен сүргүнгө айдалганын жана алардын көбү катаал шарттарда каза болгонун айтты.
Министрлик Крымдын жергиликтүү эли болгон крым татарларынын көп жылдар бою Крым жарым аралына кайтууларына бөгөт коюлганын билдирди.
Андан тышкары, "жарым аралдын мыйзамсыз аннексияланышынан" кийин крым татарларынын тарткан азап-тозогу күчөгөнү баса белгиленди.
Министрлик: "Түркия Крым татарларынын улуттук өзгөчөлүгүн, тилин жана маданиятын сактоого, ошондой эле алардын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылууга колдоо көрсөтүүнү улантат", - деди.
1864-жылдагы Черкес сүргүндөрүнө токтолгон министрлик аны кавказ элдерин өтө оор шарттарда өз мекендерин таштап кетүүгө мажбурлаган, азап-тозокко жана өмүрдүн кыйылышына алып келген "чоң гуманитардык трагедия" деп мүнөздөдү.
Министрлик: "Биз Крым татарларынын жана Кавказдын бир тууган элдеринин кайгысын бөлүшүп, өмүрүнөн айрылгандарды таазим кылып эскеребиз", - деп кошумчалады.



















