Президент Эрдоган Казакстандын эң тектүү маалымат агенттиктеринин бири болгон Казинформ тарабынан казак, англис жана орус тилдеринде жарыяланган "Түрк дүйнөсү: Евразиядагы тынчтыктын ачкычы" аттуу макаласында төмөнкүлөрдү белгиледи: "Бүгүнкү күндө аймактык кагылышуулар жана кризистер биздин жалпы коопсуздугубузга, экономикалык өнүгүшүбүзгө жана глобалдык масштабдагы туруктуулугубузга комплекстүү коркунуч жаратат. Дүйнөлүк система тирешүүчүлүк геосаясий атаандаштык, энергетикалык камсыздоо коопсуздугундагы үзгүлтүккө учуроолор жана ага байланыштуу каржылык олку-солкулуктар менен шартталган жаңы асимметриялык тобокелдиктерге туш болууда. Андан тышкары, жасалма интеллектке багытталган ири трансформациядан келип чыккан жаңы динамика глобалдык системанын алсыз жактарын ого бетер тереңдетүүдө. Биз көптөн бери баса белгилеп келгендей, бул кыйынчылыктардын баары учурдагы эл аралык системанын жана глобалдык башкаруу механизмдеринин жетишсиздигин жана реформалоонун зарылдыгын ачык көрсөтүүдө.
2014-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы fссамблеясында сүйлөгөн сөзүмдө эл аралык системанын түзүмү да, мыйзамдуулугу да талаш-тартыштуу экенин белгилеп, адилеттүү дүйнөнү куруу мүмкүн экенин 'Дүйнө 5тен чоң' деген билдирүүм менен ортого салгам. Ал күндөн бери глобалдык системанын дагы да адилеттүү жана баарын камтыган мүнөзгө ээ болушу үчүн эч кандай маанилүү жылыш болгон жок. Тескерисинче, эрежелерге негизделген эл аралык тартип дагы көп эрозияга учурады. Мунун эң ачык жана ачуу мисалы — Газада болуп жаткан окуялар. Израиль жасаган адамзатка каршы кылмыштары менен адамзаттын жалпы баалуулуктарын тебелеп-тепсөөдө.
Түркия катары биз глобалдык жана аймактык кризистерди 'ишке аша турган эрежелерге' негизделген тартипти куруу менен гана жеңүүгө болорун. Бул алкакта аймагыбыздагы жана глобалдык деңгээлдеги кризистерди, жаңжалдарды токтотуу үчүн көп тараптуу уюмдардын алкагында да, өз алдынча да жоопкерчилик алуудан качпайбыз. Тынчтык дипломатиясы жана ортомчулук аракеттерибизде бардык тараптар менен ишенимге негизделген диалог түзүп, маселелердин дипломатиялык сүйлөшүү үстөлүндө чечилиши үчүн конкреттүү кадамдардын ташталышын камсыз кылуудабыз. Глобалдык тынчтык жана бакубаттуулук үчүн жүргүзгөн принциптүү дипломатиябыздын дүйнө жүзүндө таанылып, өзгөчөлөнүп жатканын көрүүгө абдан кубанычтабыз.
Бирок дагы адилеттүү, баарын камтыган жана туруктуу тынчтык менен бакубаттуулук чөйрөсүн түзүү үчүн эки тараптуу, аймактык жана глобалдык өнөктөштүктү кеңейтүү зарыл экени талашсыз. Аймактык келишпестиктер биринчи кезекте аймактагы өлкөлөрдүн институционалдык демилгелери аркылуу чечилиши керек. 'Аймактык ээлик кылуу' түшүнүгүбүзгө ылайык, биринчи кезекте Түрк мамлекеттери уюму баш болгон биз мүчө болгон уюмдар жана коңшуларыбыз менен биргелешкен демилгелерге ар дайым ачык экенибизди баса белгилегим келет. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин структуралык көйгөйлөрү, аймактык жана глобалдык кагылышууларды чечүү жана туруктуу экономикалык бакубаттуулукту орнотуу баш болгон дээрлик ар бир маанилүү маселеде дос жана бир тууган Казакстан менен жүргүзгөн кызматташтыгыбыз менен өнөктөштүгүбүз тышкы саясатыбыз үчүн өзгөчө мааниге ээ.
1991-жылы Түркия, Казакстан өз көз карандысыздыгын жарыялаган күнү аны тааныган биринчи өлкө болгон жана ошол күндөн тартып күчүн жалпы тарыхыбыздан, маданий жана руханий байланыштарыбыздан алган мамилелерибиз күндөн-күнгө чыңдалып келет. 2000-жылдардан тарта эки тараптуу мамилелерибизде жаңы баскычтан өтүп; саясий, экономикалык жана маданий тармактарда курган институционалдык механизмдерибиз менен кызматташтыгыбыз жана өнөктөштүгүбүз дагы конкреттүү натыйжаларды бере баштады. Энергетика, транспорт, логистика жана коргонуу өнөр жайы баш болгон экономикалык тармактагы кызматташтыгыбыз, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү өнөктөштүгүбүз менен дагы кеңири жана бекем негизге жайылууда.
2012-жылы түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши менен экономикалык жана соода мамилелерибизди өнүктүрүү багытында маанилүү ийгиликтерге жетиштик. Бүгүнкү күндө Казакстан менен болгон соода жүгүртүүбүздүн көлөмү 10 миллиард доллар деңгээлине жакындады. Түрк ишкерлеринин ушул убакка чейин Казакстанга салган түз инвестициялары 6 миллиард долларга жакындады. Түрк курулуш компаниялары Казакстанда баасы 30 миллиард доллардан ашкан 550гө жакын долбоорду аягына чыгарышты. Казакстандын Президенти, боордошум Касым-Жомарт Токаев менен биргеликте белгилеген соода жүгүртүү максатыбыз 15 миллиард долларды түзөт. Кудай буюрса, өз ара аракеттердин натыйжасында бул максатка да кыска убакытта жетерибизге ишенимим толук.
Элдерибиздин ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдаган билим берүү, спорт жана маданият тармактарындагы мамилелерибизди да эң жогорку деңгээлге жеткирүү — биздин артыкчылыктуу күн тартибибиздеги маселелерден. Белгилүү болгондой, Түрк мамлекеттери уюмунун 2026-жылдагы Туризм борбору болуп Анкара шаары тандалган. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, казак бир туугандарыбызды өзүнүн бай маданий, тарыхый жана адамдык мурасы менен түрк дүйнөсүнүн жалпы эс тутумун чагылдырган Борборубузга чакырам. Жыл бою өткөрө турган тарыхый, маданий жана спорттук иш-чараларда казак бир туугандарыбызды да арабызда көрүүгө абдан кубанычта болобуз.
14-майдагы Казакстанга болгон сапарыбыз биз үчүн абдан маанилүү. АКШ-Израиль менен Ирандын ортосундагы кризис, Газадагы морт ок атышууну токтотуу процесси башталып, аймагыбыз саясий жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле экономикалык деңгээлде сыноого дуушар болгон бүгүнкү күндө Казакстанда өткөрө турган эки тараптуу сүйлөшүүлөрүбүз чоң мааниге ээ. Бул сапар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө, ошондой эле элибиздин ортосундагы байыркы достукка салым кошот деп ишенем.
Түрк мамлекеттери уюмунун Мамлекет башчыларынын бейрасмий саммитине катышабыз. Бул саммитте түрк дүйнөсү катары саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык жана өнөктөштүк потенциалыбызды талкуулап, аймактык саясий жана экономикалык сыноолорго баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Түрк дүйнөсүнүн өкүлү болгон мамлекеттер катары биз; Кожо Ахмет Яссавинин 'Жоктор тойбогондо, барлар ыйлабаса, дүйнө тез эле урап калат' деген түшүнүгү менен аймагыбызда жана дүйнөдө тынчтык, бакубаттуулук жана бейпилдик чөйрөсүн орнотуу үчүн жоопкерчилик алуудан эч качан качпайбыз."















