13-майда Казакстандын борбор шаары Астанага расмий сапар менен барган Түркиянын президенти Эрдоган сапарын улантууда.
Кечээ Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Эгемендүүлүк сарайында жекеме-жеке жолугушуу өткөрүп, Түркия-Казакстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынына катышты.
Эки лидер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, андан кийин Түркия-Казакстан бизнес форумун биргелешип жыйынтыктады.
Астанада болгон Эрдоган бүгүн эртең менен Түрк Мамлекеттери Уюмунун расмий эмес саммитине катышуу үчүн Түркстанга жөнөп кетти.
Президент Эрдоганды Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Түркиянын Астанадагы элчиси Мустафа Капучу жана башка жетекчилер узатышты.
Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган жана коштогон делегация да Түркстанга жөнөп кетишти.















