Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи учурда АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндөрүн жана Вашингтон администрациясы өз ара түшүнүшүү меморандумундагы бузуулары үчүн компенсация төлөбөсө сүйлөшүүлөр кайра башталбай турганын айтты.
Ирандын мамлекеттик телеканалына берген маегинде Аракчи АКШ менен байланыштар жана Ормуз кысыгы боюнча билдирүүлөрдү жасады.
Тараптардын ортосундагы билдирүү алмашуулардын ортомчулар аркылуу уланып жатканын айткан Аракчи: "Учурда АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй элебиз. Билдирүүлөр ортомчулар аркылуу алмашылып жатат, бирок бул сүйлөшүү эмес", - деди.
Ортомчулар өз ара түшүнүшүү үчүн негиз түзүү боюнча иштерин улантып жатканын билдирген Аракчи сүйлөшүүлөрдүн кайра башталышы үчүн АКШ өз ара түшүнүшүү меморандумунун бузулушу боюнча милдеттенмелерин аткарышы керек экенин айтты.
Аббас Аракчи: "Өз ара түшүнүшүү меморандумунун бузулушу улана берсе жана АКШ меморандумдагы бузуулары үчүн компенсация төлөбөсө, сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо мүмкүн эмес", - деп билдирди.
Иран АКШ тарапка Ормуз кысыгын ачуу боюнча шарттарын ортомчулар аркылуу жеткирди.
Омуз кысыгы темасында Оман менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу Аракчи бул өлкө менен макулдашууга жетүү Ормуз кысыгынын кайра ачылаарын билдирбей турганын кайталады.
Аракчи: "Оман менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрүбүз Ормуз кысыгынын ачылаарын билдирбейт. Мунун ишке ашышы үчүн башка шарттар да аткарылышы керек. Бул шарттар ортомчулар аркылуу АКШ тарапка жеткирилди", - деди.




















