Президент Эрдогандын Сауд Арабиясына бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын ортосундагы аймактык коопсуздук архитектурасын кайрадан калыптандыра турган тарыхый "Мекке биргелешкен коргонуу келишимине" кол коюлду.
Аймактык менчик принцибине ылайык жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү дипломатиялык аракеттердин натыйжасы болгон бул келишим үч өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө жана глобалдык тынчтыкка салым кошууну максат кылууда.
"Бирөөгө кол салуу баарына кол салуу катары каралат."
Брифингде айтылгандай, келишимдин эң маанилүү жоболорунун бири - жамааттык коргонууну күчөтүү. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо укугуна таянып, келишимде кол койгон үч мамлекеттин бирине куралдуу кол салуу боло турган болсо, баарына кол салуу катары каралары белгиленди.
Коргонуу өнөр жайындагы стратегиятлык өнөктөштүк жана "терроризмсиз аймак" максаты
Келишимде коргонуу өнөр жайы тармагында терең интеграция, ошондой эле аскердик-операциялык кызматташтык каралган. Үч өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну көздөгөн бул келишим аймактык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган "Террорсуз аймактын" максатына стратегиялык салым кошот.
Түркиянын НАТОго мүчөлүгүн толуктоочу келишим
Түркия үчүн көптөгөн стратегиялык пайдаларды алып келген келишим дүйнөлүк деңиз соода жолдорунун коопсуздугун жогорулатууга, ошону менен экспорт жана энергия менен камсыздоо процесстерин тездетүүгө багытталган. Түркияга аймактык таасирин жана тажрыйбасын аймактагы башка күчтүү тараптар менен айкалыштырууга мүмкүндүк берген бул кызматташтык экономикалык туруктуулукту сактоого жана энергетикалык коопсуздукту эң жогорку деңгээлде чыңдоого да багытталган.
"Түрк аскерлерин жайгаштыруу улуттук чечим кабыл алуу механизмдерине көз каранды"
Келишимдин кыскача баяндамасында келишимге катышуу түрк аскерлерин ар бир аймактык кризиске автоматтык түрдө жайгаштыруу дегенди билдирбей турганы баса белгиленди. Анда күч колдонуу жана аскердик операциялар боюнча чечимдер Түркия Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн жана улуттук чечим кабыл алуу механизмдеринин алкагында кабыл алуунун улантылары билдирилди.
Анадолудан Хижазга чейинки бир туугандык линиясы
Келишимдин гуманитардык жана тарыхый аспектилерине да көңүл бурган текстте: "Анадолудан Хижазга, Исламабаддан Эр-Риядга чейин созулган бир туугандык линиясы оор мезгилде бири-бирин колдогон улуттардын жалпы баалуулуктарын жана эркин билдирет",- деп айтылды.
Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы карым - катнаштардын бир гана мамлекеттер аралык кызыкчылыктарга гана эмес, жалпы тарыхка, ишенимге жана тилектештикке негизделгени жана бул келишим бүгүнкү күндөгү тарыхый жоопкерчиликтин стратегиялык көрүнүшү экени баса белгиленди.
























