CENTCOM социалдык медиа аккаунтундагы маалыматында: “Иран Ормуз кысыгынан өткөн коммерциялык кемелерди атуу максатында көп сандаган бир тараптуу чабуул коючу дрондорун учурду. Кысыктагы транспорт кыймылы тоскоолдуксуз уланып жатканда АКШ күчтөрү акыреы сааттарда булардын баарын атып түшүрдү”,- деп билдирди.
CENTCOM: «Эл аралык соода коридору өтүүгө ачык болууну улантууда»,- деп маалымдады.
АКШ президенти Дональд Трамп кечээ Иран менен макулдашуунун аяктоо алдында турганын жана келишимдин так тексти боюнча акыркы иштердин жүрүп жатканын белгиледи.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу: "Тынчтык эч качан мынчалык жакын болгон эмес",- деп билдирди.
Вашингтон менен Тегеран ортосунда макулдашууну камсыз кылуу багытындагы дипломатиялык аракеттерге карабастан, аймактагы аскердик чыңалуу уланууда.















