Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө буларды айтты:
"Биз АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту токтотуу боюнча жетишилген келишимди кубаттайбыз.
Бул келишим аймакта туруктуу тынчтыкты жана ыраатуулукту орнотуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Кошумча сүйлөшүүлөр конструктивдүү түрдө улана берет деп үмүттөнөбүз.
Ушул маанилүү кадамды жасаган тараптарды, ошондой эле ортомчулук ролду аткарган Пакистанды жана бул процесске салым кошкон башка өлкөлөрдү, айрыкча Катарды куттуктайбыз.
Бардык тиешелүү өлкөлөр келишимди бузуу аракеттерин болтурбоо жана аймактык тынчтык менен коопсуздукту коргоо үчүн акылдуулук жана жоопкерчиликтүү мамилени көрсөтүшү абдан маанилүү.
Түркия катары, президентибиздин жетекчилиги астында биз башынан эле бул процесске чоң колдоо көрсөтүп, күч-аракет жумшап келдик. Аймагыбызда тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуулукту орнотууга колдообуз үзгүлтүксүз улана берет".
















