Министрликтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Түркия кысыктарынын статусун жөнгө салуучу жана Түркиянын кысыктарга карата болгон эгемендүүлүгүн тастыктаган Монтрё кысыктар конвенциясы Кара деңиздеги тынчтыктын, коопсуздуктун жана туруктуулуктун негизги кепилдиктеринин бири экени айтылды.
Билдирүүдө конвенциянын тынчтык мезгилинде да, согуш мезгилинде да үзгүлтүксүз өз күчүн сактап келгени баса белгиленип: "Түркия Монтрё кысыктары конвенциясын ушул убакка чейин кандай чечкиндүүлүк менен аткарып келген болсо, ошондой эле чечкиндүүлүк менен ишке ашырууну улантат",- деген сөздөр орун алды.



















