ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын келишимге кайтып келиши»
Фидан АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кайтып келүүгө чакырып: "Катар кайрадан бардык конструктивдүү ыкмаларды жана бардык каналдарды колдонуу менен бул кризисти чечүү үчүн колунан келгендин баарын жасоого аракет кылып жатат",- деди.
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардагы сапары учурунда Катар ТВга маек берди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарга болгон сапары учурунда Qatar TV телеканалына маек курду.

Фидан Катар менен Түркиянын тарыхый жана бекем карым - катнаштары бар эки өлкө экенин жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн пайдубалы Катардын маркум эмири Шейх Хамад бин Халифа Аль-Тани мезгилинде түптөлгөнүн белгиледи.

Хакан Фидан: "Бүгүн Ливандан Афганистанга, Афганистандан Суданга, Судандан Газага, Палестина маселесине жана Иран маселесине чейин көптөгөн маселелерде Түркия-Катар кызматташтыгынын көрсөткөн өзгөчө үлгүсү, башкалар тарабынан да эми аймакта бааланып, үлгү жаратып жатканын көрүп жатабыз. Чынында, аймакта атаандаштыктын ордуна, биз ар дайым айтып келебиз, конструктивдүү кызматташтыкка муктаждык бар. Катар да ошондуктан олуттуу аракет кылып жатат", - деди.

Фидан ошондой эле Перс булуңунда Катар, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Кувейт жана Омандын жылдар бою олуттуу ийгиликтерге жетишкенин жана бул өлкөлөр өнүгүүнү жана негизги кызматтарды өнүктүрүү менен дүйнөлүк стандарттарга жооп берген абдан күчтүү мамлекеттерди жана шаарларды түзгөнүн белгиледи.

Хакан Фидан 28-февралдан бери уланып келе жаткан АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштун аймактын экономикасына таасирин тийгизип жатканын айтып, бул согуштун жайылуу коркунучу аймакта дагы көп көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Учурда инфраструктурага кол салуулар болуп жатканын эске салган Фидан: "Каалообуз - Иран менен Американын ортосунда мүмкүн болушунча тезирээк келишимге жетишүү. Сиздерге белгилүү болгондой, Пакистандын ортомчулугу, Катардын олуттуу салымы жана Түркиянын салымы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн. Бирок андан кийин биз андан баш тарттык. Буга кайтуу керек", - деп баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Катардагы сапары учурунда бул маселелерди талкуулаганын белгилеп, төмөнкүчө билдирди:

«Катар кайрадан бул кризисти бардык конструктивдүү ыкмаларды жана каналдарды колдонуу менен чечүүгө аракет кылып жатканын көрүп кубанып жатам. Буюрса, алдыдагы күндөрү жакшы жаңылыктарды алабыз. Түркия да бул маселе боюнча Катар менен тыгыз координацияда. Катардын коопсуздугу жана тынчтыгы, ошондой эле аймактын коопсуздугу жана туруктуулугу Түркиянын кызыкчылыгында. Ошондуктан, биз бул маселе боюнча, башка көптөгөн маселелерде болгондой эле, Перс булуңу аймагы жана башка ислам дүйнөсү өлкөлөрү менен биргеликте иштөөнү улантабыз».

Иликте
Зеленский Одесса шаары жана Запорожье аймагындагы кол салууларда төрт адамдын каза болгонун билдирди
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды