Венесуэланын Улуттук Парламентинин спикери (АN) Хорхе Родригес социалдык медиада жер титирөөлөр тууралуу маалымат берди.
Родригес каза болгондордун саны 139га көбөйүп, 5069га жеткенин, ал эми жаракат алгандардын саны 16740 болгонун белгиледи.
Родригес издөө-куткаруу иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн жарандардан адам өлүмү жана мүлктүк чыгым эң көп катталган Ла-Гуайра аймагына жеке унаалары менен барбоону жана жардамдарды белгиленген кабыл алуу пункттарына гана тапшырууну суранды.
Улуттук маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, өлкөнүн ички жана эл аралык аба каттамдарында маанилүү орунда турган Майкетия Симон Боливар эл аралык аэропорту жер титирөөдө алып келген зыяндардан улам азырынча кайрадан ишке киргизиле элек.
Венесуэлада эки чоң жер титирөө болду
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) 24-июнда Венесуэлада 39 секунд аралыгында 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгонун билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (UNDP) 26-июндагы билдирүүсүндө, жер титирөөлөр түздөн-түз алып келген материалдык зыяндын баасын 6,7 миллиард доллар деп эсептеп чыккан.
Издөө-куткаруу иштери уланып жаткан өлкөдө каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны көбөйүшү мүмүкн деген кооптонуулар бар.



















