Билдирүүдө Актау жээгинде Казакстандын деңиз күчтөрү өткөргөн аскердик машыгуу учурундагы адам өлүмдөрү терең кайгыга салганы белгиленип: «Бул трагедиялуу окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана казак элине көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.
9 жоокер каза болду
СУНУШТАЛАТ
Казакстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, машыгуу жана согуштук тапшырма учурунда аба ырайынын кескин начарлашынан жана катуу шамалдан улам 19 жоокер деңизге агып кеткени кабарланган.
9 жоокер каза болуп, 3ү куткарылганы жана дайынсыз жоголгон 7 жоокерди табуу үчүн издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы маалымдалган билдирүүдө, тиешелүү бөлүмдөр аймакка жөнөтүлгөнү белгиленген.


















