Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта Газадагы Израилдин чабуулдарынан дагы сегиз палестиналык каза болуп, 26сы жаракат алганын билдирди, ушундайча 2023-жылдын октябрь айында блокада башталгандан бери Израилдин Газада жасаган геноцидинен каза болгондордун саны 73 миң 66га жетти.
Шейшемби күнү жарыяланган министрликтин күнүмдүк статистикалык отчетунда акыркы 24 саатта Газадагы ооруканаларга сегиз адамдын сөөгү жана жаракат алган 26 адам жеткирилгени айтылды.
Израиль армиясы 2025-жылдын октябрында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишимин Газанын ар кайсы аймактарын бомбалоо жана куралдуу кол салуулар менен бузуп жаткандыктан, өлүмгө кайсы чабуулдар себеп болгону тууралуу маалымат берилген жок.
Министрлик дагы деле көптөгөн адамдар урандылардын астында жана жолдордо экенин, тез жардам жана жарандык коргонуу топтору аларга жете албай жатканын баса белгиледи.
Билдирүүдө ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден бери Израилдин бузууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 1053кө, ал эми жаракат алгандардын саны 3406га жеткени кабарланды.
Израиль тарабынан Газада жүргүзүлгөн геноцидде жалпысынан каза болгондордун саны 73066га, жаракат алгандардын саны да 173514кө жеткени айтылды.
Адам өмүрүнүн кыйылышынан тышкары кол салуулар Газада кеңири кыйроолорго алып келип, аймактагы жарандык инфраструктуранын болжол менен 90 пайызына зыян келтирди. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолуна караганда, Газаны калыбына келтирүүнүн чыгымы болжол менен 70 миллиард долларды түзөт.



















