Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киевдин позициясы Украина кризисин тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн алсыратып жатканын айтып: "Фронттогу кырдаал айдан ачык. Атайын аскердик операциялар уланууда",- деди.
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибиндеги маселелер боюнча билдирүү жасады.
Песков Украина кризисин чечүү процессине токтолуп: "Азыркы учурда Киевдин мамилесинен улам тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө оптимист болууга эч кандай себеп жок. Фронттогу абал белгилүү. Атайын аскердик операциясы уланууда", - деди.
Песков Украинага колдоо көрсөтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн бар экендигин белгилеп: "Бирок муну апыртып айтуунун кажети жок. Европа өлкөлөрүнүн согушка катышуусун күчөткөн өлкөлөр бар. Мисалы Британия. Алар Европа өлкөлөрүн согушту улантууга үндөп жатышат", - деди.
Песков кризисти чечүүгө жардам берүүгө аракет кылган өлкөлөргө ыраазычылык билдирип бирок алардын саны аз экендигин белгиледи.
Дмитрий Песков АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнердин Россияга баруу ыктымалы тууралуу: "Бул маселе боюнча так маалымат же дата жок. Биз билгендей, америкалык сүйлөшүүчүлөр Американын тышкы саясатынын башка тармактарында да өз ишин улантып жатышат", - деди.
Песков Росиянын президенти Владимир Путиндин Санкт-Петербургда концерт бере турган дүйнөгө белгилүү америкалык рэпер Канье Уэст менен жолугушууну пландабагандыгын айтты.
Украина менен Россия 2022-жылдын февраль айынан бери согушууда.



















