Израиль полициясы Палестинанын Кудс иштери боюнча министри Ашраф аль-Аварды басып алынган Чыгыш Кудстун Силван конушундагы үйүнөн кармап кетти.
Министрликтин бир кызматкери Израиль полициясы палестиналык министрди эч кандай себепсиз үйүнөн кармап кеткенин айтты.
Израиль полициясы бул маселе боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.
СУНУШТАЛАТ
Израиль бийлиги өткөн жылы министр аль-Аварга Батыш Шериага кирүүсүнө тыюу салып, кийинчерээк бул чечимдин мөөнөтү узартылган.
2023-жылдын октябрь айынан бери Израиль өкмөтү Чыгыш Кудстагы палестиналыктардын спорттук, социалдык, саясий жана экономикалык иш-аракеттерине чектөөлөрдү күчөттү.




















