Израиль армиясы Сириянын түштүгүндөгү Күнейтра провинциясынын түндүк жагындагы айыл аймагында жайгашкан Жебата эл-Хашаб айылына рейд жасап, эки кишини кармап кетти.
Сириянын мамлекеттик телеканалы Эль-Ихбариянын маалыматына караганда, Израиль аскерлери Жебата эл-Хашабка кирип, көптөгөн үйлөрдү тинтишти.
Рейд учурунда эки адам Израиль аскерлери тарабынан кармалды.
Израиль армиясы Башар Асад режиминин куталытылышынан кийин (2024 -жыл декабрь) 1974 - жылы кол коюлган “Күчтөрдү бөлүштүрүү келишимин” бузуп, Сириянын түштүгүндө басып алган Дара жана Кунейтра облустарында 10 база жана аскердик пост курган.
Сириянын Президенти Ахмед Шаранын буга чейинки билдирүүсүнө ылайык, Израиль армиясы 2024-жылдын 8-декабрынан 2025-жылдын 18-июлуна чейин Сириянын ар кайсы аймактарына 1000ден ашык абадан сокку жана болжол менен 400 рейд жүргүзгөн.




















