Иран менен байланышы бар хакердик топтор соңку жумаларда АКШдагы телекоммуникация, энергетика жана суу инфраструктураларына кибер чабуул жасоого аракет кылганы айтылууда.
NBC News каналы өкмөттүк жана кибер коопсуздук булактарына таянып кабарлагандай, хакердик топтор АКШдагы телекоммуникация, энергетика жана суу инфраструктураларынын автоматтык түрдө интернетке туташкан системаларын бутага алышкан.
Булактар Иран менен байланышы бар хакердик топтордун киберчабуул аракеттери "азырынча ийгиликтүү болгон жок" деп ырасташып, жасалма интеллектти колдонуу бул топторго буталарды аныктоого жана системаларга кирип кетүүгө жардам бергени маалымдалды.
Иран менен байланышы бар кибердик операцияларды жүргүзүп жатабыз деген «APT IRAN» аттуу хакердик топ социалдык медиа аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, мурунку эскертүүлөрүнүн эске алынбаганын айтып, «Жакында АКШ энергетика, суу жана телекоммуникация тармактарында күтүлбөгөн жана маанилүү окуяларга күбө болот»,-деди.
АКШнын Федералдык Тергөө бюросу (ФБР) өткөн айда кеминде 7 штатта муниципалдык суу системаларына кибер чабуулдар толкунуна байланыштуу иликтөө баштаганын жарыялаган.
АКШнын Киберкоопсуздук жана инфраструктуралык коопсуздук агенттиги (CISA) июлда 100дөн ашык суу жана саркынды суу объекттеринде интернет системалары бутага алынганын жарыялап, 21-августта жарыяланган эскертүү документинде бардык маанилүү инфраструктура мекемелерин "инфильтрацияга каршы тиешелүү механизмдерин күчтөндүрүүгө" чакырган.






















