Мугаййир айылдык кеңешинин башчысы Амин Абу Алия Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигине Израилдин жоокерлери жана палестиналыктардын жерлерин басып алган израилдиктердин Рамаллага жакын жердеги Мугаййир айылына кол салганын билдирди.
Абу Алия айылдын борборуна карай жылып бараткан израилдик жоокерлер эки палестиналык үйгө кол салып, койлорун уурдап кетишкенин айтты.
Израиль армиясына караштуу снайперлердин айылдын борборундагы имараттарга жайгашканын белгилеген Абу Алия аскерлердин кой уурдаган израилдиктер менен айыл тургундарынын ортосунда чыккан окуяга ок атуу менен кийлигишкенин билдирди.
Абу Алия ок атышуудан улам эки жаш палестиналык оор жаракат алганын жана медициналык кийлигишүүгө карабастан ооруканада каза болгонун белгиледи.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө: "Израиль армиясынын Мугаййир айылын аткылоосунун натыйжасында 19 жаштагы Омар Мухаммед Нажи Наасан жана 16 жаштагы Халил Расим Халил Шахаде каза болушту", - деп айтылат.
Израиль 2023-жылдын 8-октябрында Газа тилкесине чабуулдарын баштагандан бери, палестиналыктарга каршы Израиль армиясынын жана израилдиктердин чабуулдары Батыш Шериа менен Чыгыш Кудста да көбөйдү.
Бул чабуулдар өлтүрүү, камакка алуу, мажбурлап көчүрүү, үйлөрдү бузуу жана конуштарды кеңейтүү түрүндө ишке ашууда.






















