АНКАРА (AA) - Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюу жана ратификациялоо процессине көңүл буруулары керектигин билдирип, бул Армения мамлекетинин уланмалуулугунун негизин түзөрүн кошумчалады.
Социалдык медиа аккаунтунда бөлүшкөн кыска видеодо Пашинян: "Алдыдагы мезгилде биз Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюу жана ратификациялоо процессине көңүл бурушубуз керек", - деп айтты.
СУНУШТАЛАТ
Премьер-министр Пашинян: "Бул ишке ашырылганда биз Армения мамлекетинин уланмалуулугунун пайдубалын түптөгөнүбүздү белгилей алабыз", - деди.






















