Норвегиядагы аскердик машыгууда колдонулган ижара унаалары купуя маалыматтарды жазып алган деген айыптоолор өлкөдө коопсуздук маселелерин жаратууда. Унаалар аскерлердин багытын жана сыр сөздөрүн жазып алганы айтылууда.
Норвегиянын маалымат каражаттары сентябрь айында Ослодо өткөн машыгууда ижара унаалары колдонулганын жана алардагы камералардын аскерлердин кыймыл-аракеттерин, маршруттарын жана коопсуздук тутумдарына кирүү сыр сөздөрүн жазып алганын кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, унаалар Норвегиянын Куралдуу күчтөрү пайдаланган компаниядан ижарага алынган жана алардын кеминде экөөсү Кытайда өндүрүлгөн.
Бул айыптоолордон кийин камералардын эс тутуму өчүрүлгөнү тууралуу билдирүү жарыяланган. Бирок ижара унааларындагы камералар аскердик маалыматтарды жазып алган деген маалымат Норвегияда коопсуздук боюнча тынчсызданууларды жаратты.
Норвегиянын Коргоо министрлиги буга чейин ижара унааларын пайдалануу боюнча келишимде купуя маалыматтарды уруксатсыз алуудан коргоо тууралуу пункт бар экенин билдирген.






















