Украинанын тышкы иштер министри Андрий Сибиха президент Владимир Зеленскийдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда же президент Режеп Таййип Эрдогандын ортомчулугунда жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди.
Украинанын "RBK-Ukraine" маалымат агенттигине берген маегинде Сибиха 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушун токтотуу аракеттерин баалады.
Сибиха АКШ, Орусия жана Украина катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр кайра башталышы керектигин жана буга даяр экендиктерин билдирип, "Биз муну мүмкүн болушунча тезирээк болушун каалайбыз. Тынчтыкты жакындатуу үчүн эң кичинекей мүмкүнчүлүктү да колдонобуз" деп кошумчалады.
Зеленский менен Орусиянын президенти Путиндин согушту токтотуу үчүн жолугушуусу керектигин айткан Сибиха, муну АКШнын президенти Трамптын катышуусунда же президент Эрдогандын ортомчулугунда ишке ашырууга болорун билдирди.





















