Тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада жолугушуу өткөрүштү. Фидан менен Лавров Москвадагы делегациялар аралык жолугушуунун алдында журналисттерге билдирүү жасашты.
Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамилелер эки өлкөнүн лидерлери тарабынан белгиленген көз карашка ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер аркылуу барган сайын институционалдашып, жакшырып баратканын айткан Фидан, Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Африка сыяктуу көптөгөн аймактык маселелер боюнча пикир алмаша турганын баса белгилеп, мындай деп кошумчалады:
"Ушул убакка чейин жасап келгендей эле Түркия Украина маселесин чечүүдө ар кандай колдоо көрсөтүүнү улантат. Түркия ар кандай ортомчулук ролуна салым кошот. Ал колунан келген ортомчулук ролун аткара берет. Анткени уланып жаткан согуш биздин аймактагы туруксуздукту ого бетер күчөтүүдө. Муну мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу керек".
Орусиянын тышкы иштер министри Лавров да Фидан жетектеген делегацияны Москвада кабыл алганына кубанычта экенин билдирди.
Лавров: "Эки тараптуу мамилелер гана эмес, аймактык жана эл аралык күн тартибибиз дагы абдан маанилүү. Биз бул маселелер боюнча тынымсыз пикир алмашып турабыз. Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия маселелерин үзгүлтүксүз талкуулайбыз. Украинадагы кырдаалды адилеттүү, бекем жана туруктуу чечүү жолун табууга карата түрк досторубуздун кызыкчылыгын жогору баалайбыз", - деди.






















