ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
БУУ: "Газадагы эл үмүтүн үзүп, унутулуп калгандай сезип жатышат"
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аткаруучу директорунун орун басары Карл Скау ок атышууну токтотуу биринчи жылына кирген мезгилде Газадагы палестиналыктар "үмүтүн үзүп, унутулуп калгандай сезип жатышат" деп эскертти.
БУУ: "Газадагы эл үмүтүн үзүп, унутулуп калгандай сезип жатышат"
БУУ: "Газада адамдар үмүтүн жоготуп, унутулуп калгандай сезимге кабыла башташты"

Карл Скау Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында өткөн күнүмдүк басма сөз жыйынында Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөр боюнча жаңыланган маалымат менен бөлүштү.

Газадагы лагерлерде жашаган палестиналыктар "күнүнө бир маал гана ысык тамак жей алышат" жана тамак жасоого газ да таба алышпайт деп билдирген Скау, каржылоонун жетишсиздигине көңүл бурду.

Скау: "Мунун бирден-бир себеби - каражаттарыбыз азайып кетти; башкача айтканда, азыркы жардам деңгээлин сактоо үчүн бизде жетиштүү ресурстар жок. Биз эң муктаж болгондорго артыкчылык берүүгө аракет кылабыз. Бул оңой процесс эмес", - деди.

Газа элинин психологиялык абалына токтолгон Скау: "Адамдар үмүтүн үзө баштады. Ок атышууну токтотуунун башында, ал тургай январь жана февраль айларында да, абал жакшырат деген үмүт бар болчу. Адамдар өз жашоосун кайра кура алышат деген ишеним бар эле. Бирок азыр жашоо дээрлик токтоп калгандай сезим бар", - деди.

Карл Скау Израилдин чабуулдары жана гуманитардык жардамдын кирүүсүнө чектөөлөр уланып жаткан Газада көптөгөн адамдар "унутулуп калгандай сезгендерине" көңүл бурду.

Газа үчүн көбүрөөк иш-аракет кылууга убакыт келгенин билдирген Скау "Биз жетишкендиктерибизди коргоп, ачарчылыктын алдын алууга багытталган программаларды улантып, ал тургай андан да көбүн жасашыбыз керек", - деп кошумчалады.

Иликте
АКШнын айрым штаттарында орто мөөнөттүү шайлоолорго мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
АКШнын коргоо министри Израилге күтүүсүз сапары учурунда Нетаньяху менен жолугушту
Израиль Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 183 акр жерди тартып алды
Бангладеште кызамыкка окшош симптомдор улам 1201 бала каза болду
Йемен армиясы: "1164 операцияда 558 хусит таасирсиз кылынды"
Миландан Жиддага учуп бара жаткан учак бомба коркунучунан улам Римге шашылыш конду
Колумбияда мыйзамсыз алтын кенинде шахта урап, 14 адам каза болду
Судан: Автобус аялдамасына дрондук кол салуудан 80 адам каза тапты
Министр Фидан сауд кесиптеши менен сүйлөштү
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды
Түркия Диянет Фонду Керкүктөгү муктаж балдарга жардам көрсөттү
Израилдин Газага кол салууларынан дагы беш палестиналык каза болду
АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Самаркандда өзбек кесиптеши Саидов менен жолугушту
Таиландда суу ташкындары акыркы бир айда 80 адамдын өмүрүн алды
Түркия Канаданын аскердик базасындагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты