АКШнын коргоо министри Пит Хегсет АКШ армиясы зарыл болсо Иранга каршы чабуулдарын кайра башташы мүмкүн экенин айтты.
The Hill гезитинин маалыматына караганда, Хегсет Висконсин штатындагы аскердик базага баргандан кийин Иран маселеси боюнча басма сөзгө билдирүүлөрдү жасады.
Хегсет: "Эгерде бизге кинетикалык соккуларды колдонуу керек болсо, биз аларды колдонобуз. Эгер Иран колундагы көзүрлөрдү өтө көп колдонсо же Америка армиясы менен тил табыша албаса, биз эмне кылышыбыз керек болсо ошону жасайбыз", - деди.
Учурда "Иранга эң көп зыян келтирген нерсе" экономикалык кысым экенин айткан Хегсет АКШ Ормуз кысыгын көзөмөлдөгөнүн ырастады.
Пит Хегсет: "Иран (Ормуз кысыгынан) эч нерсе өткөрө албай жатат. Биз өтө алабыз. Дүйнөлүк экономика муну билет жана ошондуктан алар кысыкты көзөмөлдөөгө чоң коюм коюшту, бирок ийгиликсиз болушту", - деди.




















