Оман жээгиндеги ачык деңизде мунай ташыган танкерге сокку урганы маалымдалды.
Улуу Британиянын деңиз соода операциялары (UKMTO) уюмунун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, Омандын түндүк-чыгышындагы Шиса жээгинен болжол менен 9 деңиз мили алыстыкта жайгашкан мунай ташуучу танкердин кыймылдаткыч бөлмөсүнө белгисиз нерсе тийгени айтылат.
СУНУШТАЛАТ
Кыймылдаткыч бөлмөсү зыянга учурап, кеме колдонууга жараксыз болуп калды.
Билдирүүдө экипаж коопсуз жана айлана-чөйрөнүн булганышы же агып кетүү фактылары катталбаганы кошумчаланган.




















