Иран президенттигинен жасалган билдирүүгө караганда Пезешкиан менен Мирзоян борбор шаар Тегеранда жолугушту.
Пезешкиан жолугушууда жасаган билдирүүсүндө: «АКШ менен болгон негизги маселебиз - ар бир жолу сүйлөшүүгө отурганыбызда бизге согуштун таңууланышы», — деп Вашингтон бийлигинин үч жолу сүйлөшүү учурунда Иранга кол салуу болгонун айтып, бул «АКШнын диалогду каалабай турганын, тескерисинче, Иранды талкалоону көздөп жатканын көрсөтөт» деп билдирди.
Пезешкиан өлкөсү ядролук иштер боюнча чынчылдыгын бир нече жолу далилдегенин айтып, Ирандын Эл аралык атом энергиясы агенттиги тарабынан эң көп текшерүүгө алынган өлкө экенин, бирок АКШ "негизсиз дооматтар менен" Иранга кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Пезешкиан өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) трибунасынан ядролук ишмердүүлүгүнө байланыштуу текшерүүлөргө жана диалогго ачык экенин билдиргенин белгиледи. Бирок ал ар бир текшерүү учурунда Ирандын өзөктүк объектилери менен окумуштуулары аныкталып, кийин алар кол салууларга жана өлтүрүүлөргө дуушар болорун айтты.
АКШнын Минабдагы мектепке кол салуусу жана кол салууда каза болгон 168 бала үчүн жооп бербегенин, бирок ошого карабастан адам укуктары жөнүндө сүйлөп жатканын белгилеген Пезешкиан: "Ар дайым киши өлтүрүүлөрдү уюштурган, санкцияларды киргизген, кысым көрсөткөн жана келишимдерди бузган душман (АКШ) менен сүйлөшүү маанисиз жана элибиз муну кабыл албайт", - деди.


















