Америкалык актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун спутниктен тартылган сүрөттөрүн бөлүшүп жатып: "Google Earth физикалык кыйроону өзгөчө тактык менен ачып берет. Бирок анын арасында жашоонун эмнени билдирерин, өлтүрүлгөн үй-бүлөлөргө эмне болгонун жана тирүү калгандардын жашоосу кандай экенин көрсөтө албайт", - деди.
Жоли социалдык медиа аккаунтунда спутниктен тартылган сүрөттөрдү бөлүшкөн постунун ачыктама бөлүгүнө: "Эми сиз Google Earthти ачып, Газага эмне болуп жатканын көрө аласыз", - деп жазды.



















