ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын энергетикадагы "жашыл" трансформациясы ылдам уланууда
Түркиянын жалпы орнотулган электр кубаттуулугу август айынан тарта 126 944 мегаваттка жетти, анын 62,9 пайызы кайра жаралуучу энергия булактарынан келет.
Түркиянын энергетикадагы "жашыл" трансформациясы ылдам уланууда
Түркия кайра жаралуучу энергияга инвестицияларын тездетүүдө.

Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, ошол эле мезгилде жалпы орнотулган электр кубаттуулугундагы ички ресурстардын үлүшү 72,1 пайызга жетти.

Август айынын аягына карата күн энергиясынын орнотулган кубаттуулугу 27 914 мегаваттка чейин көбөйүп, жалпы орнотулган кубаттуулуктун 22 пайызын түздү. Шамал энергиясында орнотулган кубаттуулук 15 434 мегаваттка жетип, жалпы орнотулган кубаттуулуктун 12,2 пайызын түздү.

Ошентип, күн жана шамал энергиясынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 43 348 мегаваттка чейин өстү, ал эми алардын жалпы орнотулган кубаттуулуктагы үлүшү 34,2 пайызга чейин жогорулады.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​социалдык медиадагы билдирүүсүндө Түркиянын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоону улантып жатканын билдирди.

Байрактар ​​август айынын аягында Түркиянын орнотулган электр кубаттуулугу 126 944 мегаваттка жеткенин белгилеп, буларды айтты:

"Бул кубаттуулуктун 62,9 пайызы кайра жаралуучу булактардан турса, биз күн жана шамал энергиясы боюнча жалпы орнотулган кубаттуулукту 43 348 мегаваттка жеткирдик. Орнотулган кубаттуулугубуздагы күн энергиясынын үлүшү 22 пайызга чейин өстү. Таза, жергиликтүү жана кайра жаралуучу ресурстарыбыздын үлүшүн көбөйтөбүз. Кайра жаралуучу энергияга, айрыкча күн жана шамал энергиясына инвестицияларыбызды тездетүү менен биз энергия менен камсыздоо коопсуздугубузду бекемдейбиз жана 2053-жылга чейинки нөлдүк эмиссия максатына ишенимдүү түрдө жетебиз. COP31 процессинде биз Түркиянын бул тарматтагы көз карашын жана конкреттүү максаттарын сунуштайбыз. Биз толугу менен энергетикалык жактан көз карандысыз Түркия үчүн иштөөнү улантабыз".

Иликте
Алиев: «5 жылдын ичинде кайра жаралуучу энергия Азербайжанда бардык жерде болот»
Орусиядан Европаны айыптоо: «Алар Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн бузуп жатышат»
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран   түрк тилинин чоң цивилизациялык байлык экенин айтты
Түркиянын энергетикадагы "жашыл" трансформациясы ылдам уланууда
Президент Эрдоган: "Тилибизге ээ чыгуу - келечегибизге ээ чыгуу"
Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук издөө кемеси сууга түшүрүлдү
WSJ: Трамп Ирандын жети күндүк ок атышууну токтотуу сунушун четке какты
"Дүйнө жүзү боюнча 117 миллион адам жер которгон"
Иран: Рютте Европанын Иран менен болгон согуштагы ролун моюнга алды
Ливан ЖМКсы: Израиль күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарда фосфорлуу ок-дарыларды колдонууда
"Иран АКШга ишенбейт"
Зидан, Франциянын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттешинин алдында Түркияны мактады
Израиль басма сөзү: "Нетаньяху өзүн укпаган дүйнөгө текебер жана көз карашы жок сөз сүйлөдү"
Президент Эрдоган Newsweek журналынын суроолоруна жооп берди
Сауд Арабиясынын Деңиз күчтөрүнүн стажерлору Түрк коргонуу компаниясы Байкарда окуудан өттү