Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссары Бархам Салих 117 миллиондон ашык адам кагылышуулардан, зомбулуктан жана коопсуздугуна шек келтирген башка коркунучтардан улам жер которгондугун билдирди.
Салих Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымат берди.
Кагылышуулар, зомбулук, зулумчулук жана коопсуздугуна карата коркунучтан улам 114 миллиондон ашуун кишинин жер которууга мажбур болгонун билдирген Салих кагылышуулардын да күч алганына көңүлдөрдү бурду.
Мунун жөн гана гуманитардык маселе эмес экенин баса белгилеген Салих: «Негизинен бул эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жаратат», - деди.


















