ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
Иранга каршы согуштун таасиринен улам жүк ташуунун кечигүүсү, кымбатташы жана дүйнөлүк жардамдын азайышы жүз миңдеген сомалилик балдарды азык-түлүк боюнча жабыркатууда.
Иран согушу Сомалинин жетиштүү тамактанбаган балдарын катуу жабыркатты
Сомалидеги Дайниле ооруканасында өлкө ичинде жер которгон сомалилик аял ачкалыктан жабыркаган баласын тамактандырууда. 2026-жылдын 20-апрели. / Reuters

Сомалиде жакындап келе жаткан ачарчылык жана чет элдик жардамдардын кескин кыскарышы сыяктуу эки бирдей кырсык менен күрөшүп жаткан балдар үчүн АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу жөн гана бензиндин кымбатташы эмес, өлүм менен өмүр ортосундагы маселеге айланды.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жүк ташуудагы тоскоолдуктардын айынан эң зарыл болгон дарылоочу азык-түлүктөрдө болуп жаткан тартыштык, клиникалардын абалы оор балдарды кабыл албай кайра кайтарууга жана колдо бар каражаттарды дагы да чектөөгө мажбур болууда.

Беш жашка чейинки жарым миллионго жакын бала "курч жетишсиз тамактануунун” же "алсыроо" деп аталган оорудан жапа чегүүдө жана бул кечигүүлөр жардамды кыскартуунун кесепеттерин күчөтүүдө.

Сомалидеги балдар азайып жаткан тамак-аш жардамына көз каранды

Байдоа жана Могадишодогу саламаттыкты сактоо кызматкерлери бул балдарды сактап калуу үчүн өтө маанилүү болгон атайын сүттүн жана аш болумдуу заттарга бай жержаңгак майынын запасы азайып баратканын айтышууда.

Медайым Хассан Яхье Кхейре: "Муктаждыктар абдан чоң, бирок колубузда каражат аз болгондуктан, балдарга берген тамак-аштын көлөмүн тынымсыз кыскартууга туура келди", — деди.

Эл аралык куткаруу комитетинин (IRC) маалыматы боюнча, 1200дөн ашык баланы дарылап жаткан клиникада калган 225 куту арахис майы жакынкы эки жумада түгөнүшү мүмкүн.

Кхейре: "Эгер дарылоо үзгүлтүккө учураса, балдардын физикалык жана акыл-эстик абалы өтө алсырайт. Муну кийин калыбына келтирүү мүмкүн болбой калышы ыктымал".

IRC — АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам жүк ташуудагы кечигүүлөр жана кымбаттоолор ансыз да татаал абалды ого бетер начарлатканын билдирген үч жардам уюмунун бири.

Сомалинин түштүк-батышындагы Байдоа шаарында IRCнин өнөктөшү READO тарабынан иштетилген клиникада тогуз баланын энеси Муумино Адан Амин 11 айлык кызы Рувейдо үчүн арахис майын алууга аракет кылууда. Рувейдо күнүнө үч пакеттен жеши керек, бирок клиникада каражат калбагандыктан, Амин эки жолу куру кол кайткан.

Амин кызы Анисаны 2017-жылы ачарчылыктын босогосуна алып келген кургакчылыктагы ачкачылыктан кызын жоготуп ала жаздаган. Амина кызынын сөөк жана териден башка эч нерсеси калбаганын айтып, кызынын бир гана арахис майы сактап калганын айтты.

Тогуз жылдан кийин кургакчылыктын жаңы толкуну 6,5 миллион адамды — ар бир үч сомалиликти — катуу ачарчылыкка кептеди жана жардам уюмдары бул ажырымды жоюуга аракет кылып жатышат.

IRC’нин Сомали боюнча координатору Шукри Абдулкадир билдиргендей, эки ай мурун 1000ден ашуун баланы багууга жете турган арахис майына буюртма брилгенин жана мунун Индиянын Мундра портунда күтүп жатканын, порттун азыркы учурда Перс булуңуна келе албаган жана башка багыттарга багытталган жүктөр менен толо экенин айтты.

Индияда өндүрүлгөн продукциянын кеминде 30 күндө келери айтылгандан кийин, IRC ал буюртманы токтотууга мажбур болгон.

Кийинчерээк IRC Найробиден 400 кутуга шашылыш буюртма берип, ал келгенче Могадишодогу буюртмаларды Байдоага ташууда.

Бирок CARE International уюмунун маалыматы боюнча, ташуу жана өндүрүш чыгымдарынын өсүшү бир кутунун баасын 55 доллардан 200 долларга чейин көтөрдү; акыркы буюртмалар 300 баланын ордуна 83 балага гана жете турган тамак-ашты камсыз кылууда.

Өмүрдү сактап калуучу жардамдар кечигип жана кымбаттап жатат

2024-жылы Европадан Сомалиге дарылоочу сүт жана колдонууга даяр азыктарды (RUTF) жеткирүү адатта 30-35 күнгө созулса, Кызыл деңиздеги коопсуздук коркунучтарынан улам кемелер Африканы айланып өтүүгө мажбур болуп, бул мөөнөт 2025-жылы 40-45 күнгө чейин узарган. Могадишодогу "Ачарчылыкка каршы аракет" (ACF) уюмунун жетекчиси Мохамед Омар АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга кол салып, Иран Перс булуңуна кирүүчү жолду жапкандан бери кемелердин азайышы бул мөөнөттү 55-65 күнгө чейин узартканын айтты.

Ошол эле учурда Сомалиде 2 миллиондон ашык адам учурда ачарчылыктын алдындагы "Өзгөчө кырдаал" стадиясында турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында ACF колдогон борборлорго кайрылган азыктануусу начар балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 35%га өскөн.

Сомали АКШнын БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо бөлүмүнө (OCHA) бөлүнгөн каражаттарынан үлүш ала турган 17 өлкөнүн тизмесине кирбей калган. АКШ эл аралык донорлордун арасында эң чоң кыскартууларды жасаган өлкө болду. Натыйжада 200дөн ашык медициналык мекеме жабылып, мобилдик топтор таратылган.

Андан сырткары, Иран согушу башталганда өлкө ичиндеги күйүүчү майдын баасы 150 пайызга кымбаттады. IRC өкүлү Абдулкадир: "Сомали бул согуштан өтө катуу сокку жеди, себеби эл мурунку кургакчылыктын кесепеттеринен чыга албай жаткан болчу. Мындай соккуларды көтөрүү эл үчүн абдан оор", — деди.

OCHA толук ачарчылыктын алдын алуу үчүн дүйнөлүк донорлордон 852 миллион доллар сурады. Бул өткөн жылы суралган 1,42 миллиард доллардан кыйла аз, бирок уюм азырынча бул сумманын 14 пайызын гана ала алды.

Иликте
Ок атышпоо келишимин бузган Израиль Ливандын түштүгүндө төрт кишини өлтүрдү
Ирактын Координациялык алкагы премьер-министрликке Али аз-Зайдинин талапкерлигин көрсөттү
Герцогдун учагы Түркиянын аба мейкиндигине кире албай, узак жолдон кийин Казакстанга конду
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы чукул глобалдык аракеттерди көрүүгө чакырды
АКШ Иран авиакомпанияларын колдогон фирмаларды санкциялар тууралуу эскертти
Индонезиянын Батыш Ява провинциясында таксинин айынан болгон поезд кырсыгынан 14 адам каза тапты
Европа энергия үчүн кошумча 32 миллиард доллар төлөөгө аргасыз болду
Ким Чен Ын эстеликтин ачылышында Орусияны толук колдоого убада берди
АКШнын Тынч океандын чыгышындагы операциясында үч адам каза болду
Малинин коргоо министри Аль-Каида менен байланышы бар топтун чабуулунан каза болду
Израиль оппозициясы Нетаньяхуга каршы бирдиктүү шайлоо өнөктүгүн баштады
Колумбиядагы жардыруудан 13 киши каза болду
Израиль Газадагы ок атышпоо келишимин дагы бузуп, эки палестиналыкты өлтүрүп, алтоону жарадар кылды
Израиль кол салууларында дагы 11 палестиналыкты  өлтүрдү
Японияда токой өрттөрү менен күрөш улантылууда
Кытай АКШнын экспорттук мыйзам долбооруна каршы чыгып, өз укуктарын коргой турганын билдирди
Иран Пакистандагы сүйлөшүүлөрдө АКШ менен түздөн - түз байланышпай турганын билдирди
Россия түнү менен Украинага чабуул жасады: ондогон киши каза болду жана жараланды
Россия Европа Биримдигинин 20-санкция пакетине жооп кайтарыларын билдирди
Ок атышууну токтотуу келишими узартылганына карабастан, Израиль Ливанга жаңы чабуулдарды баштады