Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Үй-бүлө жана аялдар кеңешинин Жогорку ардактуу кеңешинин биринчи жыйыны «Ынтымактуулуктан институционалдык кызматташтыкка чейин: Түрк дүйнөсүндөгү үй-бүлө жана аялдар» деген темада Чанкая сарайында өттү.
Түрк дүйнөсүндөгү үй-бүлө жана аялдар жаатындагы биргелешкен эркти узак мөөнөттүү кызматташтыкка айландыруу максатында уюштурулган жыйынга ТМУнун 13-саммитине катышуу үчүн Анкарага келген мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу өкүлдөр катышты.
Эмине Эрдоган жыйынга катышуу үчүн Чанкая сарайына келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироат Мирзиёеваны, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Туфан Эрхүрмандын жубайы Нилден Бекташ Эрхүрманды жылуу тосуп алды.
"Түрк дүйнөсү 2040-жылга чейинки көз карашка" жаңы өлчөм кошууну көздөп жатабыз."
Эмине Эрдоган жыйында сүйлөгөн сөзүндө ТМУнун 13-саммитине байланыштуу лидерлердин жубайлары менен Анкарада чогуу болууда кубанычта экенин билдирди.
Ал түрк дүйнөсү орток тарыхы, маданияты, өздүгү жана цивилизациялык баалуулуктары менен чоң үй-бүлө экенин белгилеп, конокторун эмес, бир туугандарын тосуп алганын айтты жана алардын ар бирине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эрдоган Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында экономикадан энергетикага, маданияттан технологияга чейин көптөгөн тармактарда маанилүү кызматташтык ишке ашырылганын эске салып, «Түрк дүйнөсү — 2040» көз карашы аркылуу орток келечекти биргелешип калыптандыруу эрки көрсөтүлгөнүн айтты. Эми бул көз карашка жаңы өлчөм кошууну көздөп жатышканын белгиледи.
Эрдоган азыркы доордун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — дүйнөнүн мурда болуп көрбөгөндөй жакындашуусу экенин айтып, бирдей технологиялар колдонулуп, дүйнө жүзү бирдей глобалдык окуялардын таасирине туш жатканын белгиледи.
"Күчтүү аял түшүнүгү өтө кеңири болгондуктан, аны бир гана жашоо образы менен чектөөгө болбойт."
Эмине Эрдоган ааламдашуу шартында айрым коомдордун түшүнүктөрү жана жашоо образы бүткүл адамзат үчүн жалпы өлчөм катары сунушталып жатканын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты:
«Мунун эң актуалдуу мисалдарынын бири — аялдарга байланыштуу талкуулар. Аялдын бир гана идеалдаштырылган образы анын күчүн, эркиндигин, ийгилигин жана жашоо образын аныктай турган абалга келди. Ал эми бул даяр калыптарга туура келбеген аялдар үнүн угузуу жана коомдо көрүнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатышат.
Ушундайча аялдарга, тырмакчанын ичинде, эркиндикти, ийгиликти жана карьераны убада кылган мамилелер көшөгө артында алардын эң чоң көйгөйүнө айланууда.
Мисалы, энелик менен эмгек жашоосун бири-бирин жокко чыгарган эки башка жол катары көрсөтүү аялдарды үй-бүлө менен карьеранын бирин тандоого мажбурлайт. Аялдардын ийгилигин кесиптик орду менен өлчөө алардын үй-бүлөдөгү зор эмгегин көмүскөдө калтырууда.
Ошол эле учурда аялдарды үй-бүлөдөгү ролу менен гана аныктоо алардын илимде, саясатта, экономикада, коомдук турмушта жана башка көптөгөн тармактарда өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна тоскоол болот.
Бирок, күчтүү аял болуу өтө кеңири түшүнүк болгондуктан, аны бир гана жашоо образы менен чектөөгө болбойт. Жыйынтыктап айтканда, биздин каалообуз — аялдар сырттан таңууланган калыптар менен чектелбестен, өз баалуулуктары, жөндөмдөрү жана эрки менен жашай алган коомдук түзүлүштү калыптандыруу».
«Төрөттүн азайышы үй-бүлөнү кризиске түртүүдө»
Азыркы дүйнөдө коомдун өнүккөндүгүн баалоодо көбүнчө экономикалык өсүш, өндүрүштүк кубаттуулук жана технология сыяктуу көрсөткүчтөргө басым жасаларын белгилеген Эмине Эрдоган коомдун чыныгы күчү үй-бүлө институтунун бекемдигинен көз каранды экенин айтты.
Үй-бүлөлөр коомдун көзгө көрүнбөгөн чептери экенин белгилеген Эрдоган:«Бактыга жараша, үй-бүлө коомдорубуздун эң күчтүү институттарынын бири болууну улантууда. Үй-бүлө кээде балдар үчүн мектепке, оорулуулар үчүн дарылоо жайына, карылар үчүн камкордук борборуна айланат. Жашоодогу көптөгөн сыноолор коомдук көйгөйгө айланбастан үй-бүлөлүк тилектештик жана акылмандык менен чечилет.
Бирок бүгүнкү күндөгү социалдык өзгөрүүлөр, жекелешүү, санариптешүү жана төрөттүн азайышы сыяктуу көптөгөн факторлор үй-бүлө институтун кризиске түртүүдө. Бул кризисти күчөткөн дагы бир жагдай — аялдарга байланыштуу маселелердин үй-бүлөлүк жашоодон бөлүп каралышы.
Ушул өңүттөн алганда, аялдар энелик менен эмгек жашоосунун ортосунда тандоо жасоого мажбур болбогон, үй-бүлөлүк милдеттер адилеттүү бөлүштүрүлгөн жана жаштар үй-бүлө курууда кыйынчылыктарга туш болбогон коомдук түзүлүштү калыптандыруубуз керек деп эсептейм»,-деди.
Эмине Эрдоган Түркиянын ушул түшүнүктүн негизинде үй-бүлөнү колдогон саясат жүргүзүп жатканын эске салып, президент Эрдогандын жетекчилиги алдында 2025-жыл «Үй-бүлө жылы», ал эми 2026–2035-жылдар аралыгы «Үй-бүлө жана калктын он жылдыгы» деп жарыяланганын айтты.
“Биз аялдарды билим берүү, ишкердик, жумуш менен камсыз кылуу жана технология сыяктуу тармактарда колдойбуз. Аялдарга карата зомбулукка каршы “нөлдүк сабырдуулук” принциби менен күрөшүп жатабыз. Түркия катары биздин мамилебиз — аялдарды жана үй-бүлөнү бекемдеген ар бир кадам өнүгүүнүн, туруктуу келечектин жана коомдук бакубаттуулуктун негизги шарты деген түшүнүккө таянат», — деди Эмине Эрдоган.
«Кеңешибиз туруктуу кызматташтык аянтчасына айланышын көздөп жатабыз»
Эмине Эрдоган бул маселелер башка лидерлердин жубайларынын күн тартибинде да маанилүү орунда экенин билерин белгилеп, сөзүн улантты:
«Өлкөлөрүбүздүн бул багыттарда бири-бири менен бөлүшө турган баалуу тажрыйбалары бар. Бүгүн түзүү үчүн чогулуп жаткан Үй-бүлө жана аялдар кеңешибиздин идеялык негизин дал ушул максаттар түзөт.
Биз орток көйгөйлөргө биргелешкен акыл менен чечим таба ала турган, өзүбүзгө таандык аянтча болушун каалайбыз. Кеңешибиз туруктуу кызматташтык аянтчасына айланышын максат кылуудабыз.
Бул процессте Жогорку ардактуу кеңешибиздин сиздердей кадырлуу мүчөлөрү Кеңештин ишин колдоп, орток көз карашыбызды эң жогорку деңгээлде колго аларына чын жүрөктөн ишенем.
Бүгүн Анкарада сиздер менен бирге Кеңешибиздин алгачкы кадамдарын таштадык. Кеңештин биринчи расмий жыйынын эмки жылы Өзбекстанда өтө турган Түрк Мамлекеттери Уюмунун 14-саммитинин алкагында, боордошум Зироат айымдын үй ээсинин милдетин аткаруусу менен өткөрүүнү каалайм».
Эрдоган Кеңештин түрк дүйнөсүнө жана жалпы адамзатка жакшылык алып келишин каалап, Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигине, мүчө өлкөлөрдүн бардык министрликтерине жана бул процесске салым кошкон ар бир адамга эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Лидерлердин жубайлары менен бирге болуудан кубанычуу экенин дагы бир жолу белгилеген Эмине Эрдоган: «Жыйыныбыз жемиштүү өтүшүн каалайм. Алла бир туугандыгыбызды жана биримдигибизди түбөлүк кылсын», — деди.
Лидерлердин жубайлары да сөз сүйлөштү
Эмине Эрдогандын сөзүнөн кийин Өзбекстандын президентинин жубайы Зироат Мирзиёева, Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президентинин жубайы Нилден Бекташ Эрхүрман да чыгып сүйлөп, бул маселе боюнча өз пикирлерин билдиришти.
Түрк дүйнөсүнүн издерин чагылдырган көргөзмөнү кыдырып, мода көрсөтүүсүн көрүштү
Эмине Эрдоган жана лидерлердин жубайлары программанын алкагында «Өркүндөтүү институттарынын көргөзмөсүн» кыдырышты.
Билим берүү министрлигинин Өмүр бою билим берүү башкы башкармалыгына караштуу Өркүндөтүү институттарынын коллекцияларынан тандалган буюмдар коюлган көргөзмөдө салттуу кол өнөрчүлүктүн эстетикалык байлыгы жана маданий мааниси чагылдырылды.
Көргөзмөгө Түркстан аймагынан Анадолуга чейин созулган кеңири мейкиндикте өнүккөн түрк цивилизациясынын токуу, сайма, кийим тигүү, кооздук өнөрү жана сеп берүү салттарын чагылдырган 34 эмгек коюлду.
Эмине Эрдогандын соф кездемесинен тигилген кийими көңүлдөрдү бурду
Эмине Эрдогандын иш-чарада кийген, Анкара эчкисинин тыбытынан алынган соф кездемесинен тигилген кийими көңүлдөрдү бурду.
Анкара губернаторлугунун алдындагы «Из Анкара» дизайн жана кол өнөрчүлүк борборунда даярдалган кийимдин бетиндеги оймо да 100 пайыз тыбыт жибинен кытай саймасы ыкмасы менен колго түшүрүлгөн.
Эмине Эрдоган бул кийимди тандоо менен айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, «Нөл калдык» жана туруктуу өнүгүү тууралуу билдирүү жасады.




























