ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Эрдоган: "Тынчтыкка жол ачууга аракет кылып жатабыз".
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
(АРХИВ) Президент Эрдоган: "Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия ишенимсиздикке негизделген эл аралык саясатты кабыл албай турганын билдирди.

Президент Эрдоган 9-Стамбул ортомчулук конференциясына видео кайрылуу жөнөттү.

Кайрылуусунда дипломатиядан эч качан баш тартпоонун маанисин баса белгилеген Эрдоган дүйнө жүзүндө чыр-чатактар жана чыңалуу күчөп, эл аралык укукка жана институттарга болгон ишеним солгундап жатканын айтты.

«Биз мындай мезгилде тараптар бири-бири менен сүйлөшпөй, үмүт азайган учурда да дипломатиядан эч качан баш тартпоону принципке айландырдык», — деди ал.

Эрдоган Россия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуудан тартып, Африка континентиндеги ортомчулук аракеттерине чейин Түркия ар кайсы аймактарда тынчтыкка жол ачууга аракет кылып жатканын белгиледи.

«Дүйнө бештен чоң» деген билдирүүсүн кайталаган Эрдоган БУУнун ишмердүүлүгүн сынга алды.

«Бүгүн Палестинада, Ливанда, Суданда жана башка кризистик аймактарда үмүтүн Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) арткан миллиондогон адамдар терең көңүл калууга туш болууда. 190дон ашык өлкөнүн эрки беш өлкөнүн каалоосуна көз каранды болгон түзүм адилеттүү да эмес, ишенимди толук камсыздай да албайт. Бул — чындык», — деди президент.

Эрдоган Түркия ишенимсиздикке негизделген эл аралык саясатты кабыл албасын дагы бир жолу белгилеп, эң татаал жаңжалдарда да дипломатия үчүн мүмкүнчүлүк бар экенине ишенерин айтты.

«Маселе — ошол эшикти ачык кармоого эркти, кайраттуулукту жана чын ыкластуулукту көрсөтө билүүдө. Бул багытта тынчтык үчүн тараптарды бириктирүүгө, адилеттүү чечимдерди табууга ортомчулук кылууга жана жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга аракетибизди улантабыз», — деп кошумчалады ал.

Иликте
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө
Иран Төңкөрүш гвардиясы: "Перс булуңунда мунай ташып бараткан төрт кемеге сокку урулду"
Израиль армиясынын Сириянын Дера шаарынын элетиндеги рейдинде майып бир жаран каза болду
Зеленский: "Украина азыркы фронт линияларында согушту токтотууга даяр"
Кремль: "Биз ноябрь айында Россия-Украина-АКШ үч тараптуу сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого даярбыз"
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду