Пакистандын Пенжаб провинциясынын Ражанпур аймагында жүргүнчү ташыган автобустун оодарылып кетишинен 10 адам каза болуп, 32 адам жаракат алды.
Geo News каналынын маалыматына караганда, автобус Ражанпурдагы Инд шоссесинде ортоңку тилкеге урунуп, оодарылып кеткен.
Кырсыктан 10 адам каза тапты, ал эми жаракат алган 32 адам медициналык мекемелерге жеткирилди.
Пенжабдын башкы министри Мариям Наваз жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, адамдардын өлүмүнө кайгырып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Наваз жетекчилерге кырсыкка күнөөлүү адамдарга тезинен чара көрүүнү тапшырды.
Кырсыктан кийин Ражанпур райондук борбордук ооруканасында жана жакын жердеги башка ооруканаларда чукул абал жарыяланды.


























