Туркия дүйшөмбү күнү Израилдин Газага гуманитардык жардам ташыган «Global Sumud» флотуна эл аралык сууларда жасаган кийлигишүүсүн айыптап, муну «жаңы каракчылык аракет» деп мүнөздөдү.
Туркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, Израилдин куралдуу күчтөрү Газага гуманитардык жардам алып бараткан флотилияга тоскоолдук жаратканы белгиленди.
Министрликтин билдирүүсүндө бул сөздөр орун алды: «Газага гуманитардык жардам жеткирүү максатында түзүлгөн "Global Sumud" флотуна эл аралык сууларда Израилдин куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган кийлигишүүнү жаңы каракчылык аракет катары айыптайбыз».
Билдирүүдө флоттун курамында 40ка жакын өлкөнүн жарандары бар экени айтылып, Израилдин «кол салуу жана коркутуп-үркүтүү саясаты» Палестина эли менен болгон эл аралык тилектештикке бөгөт коё албай турганы баса белгиленди.
Мындан тышкары министрлик Израилди аталган операцияны тез арада токтотууга жана кармалган катышуучуларды эч кандай шартсыз бошотууга чакырды.
Ошондой эле түрк бийлигинин флотилиядагы түрк жарандарынын коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканы жана окуялардын башка өлкөлөр менен координацияланып, кылдат көзөмөлдөнүп жатканы айтылды.
Министрлик ошондой эле Израилди кийлигишүүсүн дароо токтотуп, кармалган катышуучуларды шартсыз бошотууга чакырды.
Ошондой эле түрк бийлигинин флотилиядагы түрк жарандарынын коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканы жана окуялардын башка өлкөлөр менен координацияланып, кылдат көзөмөлдөнүп жатканы айтылды.
Дүйшөмбү күнү Израиль армиясы Газага бара жаткан "Global Sumud" гуманитардык жардам флотилиясына эл аралык сууларда кол салды. Флотилиядан түз эфирде Израилдин деңиз күчтөрү кемелерди бирден токтотуп жатканын көрүүгө болот.
Израилдин Yedioth Ahronoth гезити кармалган активисттердин Ашдод портуна алып баруудан мурун "калкып жүрүүчү түрмө" деп аталган деңиз кемесине которулганын билдирди.
"Global Sumud" жардам флотилиясынын билдирүүсүндө Газага гуманитардык жардам миссиясы үчүн "коопсуз өтүүнү" талап кылып, Израилди "мыйзамсыз каракчылык актыларын" жүргүзүү менен айыптады.
Флотилия тарабынан жарыяланган билдирүүдө: «Израиль күчтөрү эл аралык суураларда аскердик кемелер менен курчоого алып, чак түштө биздин биринчи кемебизге чабуул жасады», —деп билдирди.
Билдирүүдө: "Биз мыйзамдуу жана зомбулуксуз гуманитардык миссиябыз үчүн коопсуз өтүүнү талап кылабыз", - деп кошумчаланган.



















