Тышкы иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда министр Фидан эртең Украина тема болгон Ыктыярдуулар коалициясынын лидер саммитине президент Эрдогандын өкүлү катары катышат.
Фидан Парижде өтө турган саммитте 7 – 8- июлда Анкарада болгон жана Украианын президенти Владимир Зеленский да катышкан НАТОнун Анкара саммитинде чыгарылган чечимдердин Украина үчүн ыктымалдуу жыйынтыктарын кесиптештери менен талкуулай турганы күтүлүүдө.
Фидандын Түркиянын Россия жана Украина делегацияларын кайрадан сүйлөшүү столуна алып келүүгө даяр экендигин жана Кара деңизде тынчтык менен туруктуулктун сакталышынын Түркия үчүн маанисин баса белгилеп, Түркиянын ушул максатка карата аракеттерин колдоого даяр экенин айтышы күтүлүүдө.
Министр Фидан өзгөчө Ыктыярдуулар коалициясынын алкагында ишке ашырыла турган иш-чаралардын негизин түзө турган укуктук жана саясий алкактарды тактоодо тыгыз координацияны сактоонун маанисин белгилейт.




















