Франкен 10-14-май күндөрү Анкара жана Стамбулда өтө турган "Белгия экономикалык миссиясынын" иш сапарынын алдында Анадолу агенттигинин кабарчысына маек берди.
Франкен экономикалык миссиялардагы эң маанилүү жагдайлар байланыштар жана келишимдер экенин айтып: "Ошондуктан Түркияга багытталган бул сонун экономикалык миссияда көптөгөн жакшы байланыштар түзүлүп, жаңы иш байланыштары, жаңы портфелдер жана жаңы идеялар пайда болот деп үмүттөнөм", - деди.
«Кол коюла турган иш келишимдеринин саны 40ка жетти»
Бельгиялык компаниялар менен түрк компаниялары, бельгиялык изилдөө институттары жана университеттер менен түрк университеттери жана изилдөө мекемелеринин ортосунда эң жогорку деңгээлдеги кызматташтыктарды түзүүнү максат кылышканын белгилеген Франкен, муну менен бирге келишимдер, макулдашуулар жана коммерциялык кызматташтыктар да чоң мааниге ээ экенин айтты.
Бельгиянын мамлекеттик катчысы Тео Франкен: "Ушул убакка чейин кол коюла турган келишимдердин саны 40ка жетти. Бул абдан жакшы жана кубандырарлык жылыш. Жакынкы күндөрү алардын саны дагы көбөйөт, башкача айтканда, көптөгөн келишимдер аяктоо алдында турат", - деди.
«Түркия — чоң экономикалык жана геосаясий күч»
Франкен миссиянын Бельгия үчүн маанисин түшүндүрүп, Түркиянын абдан маанилүү соода өнөктөшү экенин, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 8 миллиард долларга жеткенин билдирди.
Франкен бул абдан жогорку көрсөткүч экенин белгилеп: "Бул Түркияны абдан маанилүү өнөктөшкө айландырат. Түркия – өтө маанилүү өлкө; ал Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа үчүн борбордук позицияда турат. Бир өткөөл дарбаза сыяктуу. Сиздер абдан маанилүү өлкөсүздөр", — деп баса белгиледи.
Франкен Түркия менен Бельгия НАТОнун ичинде союздаш экенин жана көптөгөн тарыхый байланыштары бар экенин айтып, Бельгияда жашаган түрк коомчулугуна көңүлдөрдү бурду.
Ошондуктан, Франкен бул сапарды ханыша Матильданын жетекчилиги астында жана аймактык өкмөттөрдүн катышуусунда өткөрүүдөн чоң кубанычта экенин билдирди.
Миссия абдан позитивдүү болот деген ишенимин баса белгилеген Франкен: "Мен Түркиянын чоң экономикалык жана геосаясий держава экенине ишенем. Биз биргелешип иштешибиз керек. Бул биздин да, Түркиянын да кызыкчылыгына туура келет", - деди.
«Түрк коргонуу өнөр жайы мен үчүн үлгү»
Түрк коргонуу өнөр жайынын маанисине байланыштуу Франкен Түркиянын, айрыкча изилдөө жана иштеп чыгуу, инновация, өндүрүш жана жогорку квалификациялуу жумушчу күчүндө үлгү боло аларына ишенерин билдирди.
Франкен 450дөн ашык катышуучуну камтыган делегациянын курамында 60тан 80ге чейинки коргонуу өнөр жай компаниялары болорун белгилеп:"Коргонуу секторубуздун олуттуу бөлүгү түрк коргонуу өнөр жайынан үйрөнүүгө абдан кызыкдар",- деп кошумчалады.
Түрк коргонуу өнөр жайы инновация жана күчтүү коргонуу кубаттуулугун куруу жагынан алдыда экендигин кайталаган Франкен: "Ошондуктан, алар мен үчүн үлгү", - деди.
«Анкарада өтө турган НАТО саммити өтө маанилүү»
Франкен НАТОнун ичиндеги чыңалуунун азайышынан үмүттүү экенин билдирип: "Бул оңой эмес. Мен муну ар дайым «нике кризиси» катары мүнөздөйм. Биз 80 жылдан бери чогуубуз жана акыркы бир жылдан бери нике кризисин баштан кечирип жатабыз. Мындай мезгилдерде диалог түзүү, бири-бирибизди угуу, өз ара түшүнүшүү жана бул диалогду улантуу абдан маанилүү", — деди.
Ушул себептен улам, Франкен Анкарадагы саммиттин ийгиликтүү өтүшүн каалап: "Бул саммит өтө маанилүү", — деп кошумчалады.
Саммитте коргонуу өнөр жайынын дарамети, потенциалды жогорулатуу, өндүрүш жана биргелешкен өндүрүш маселелери алдыңкы планга чыга турганына токтолгон Франкен, бул жолугушуу АКШ, Европа, Канада жана Түркиянын ортосундагы кызматташтык үчүн маанилүү болорун баса белгиледи.
Франкен: "Балким, урматтуу Трамп жакшы маанайда келет жана ал жердегилердин баары позитивдүү маанайда болушат деген үмүттөмүн", — деди.










