Афганистанда кыш айларында курч азык-түлүк жетишсиздигине кабылган адамдардын саны 19,2 миллионго чейин көбөйүшү, алардын 5 миллиону ачкачылыктын «өзгөчө» деңгээлине туш болушу күтүлүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгынын (UNOCHA) Афганистандагы басма сөз катчысы Ольга Черевко бул тууралуу БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөн жумалык басма сөз жыйынында билдирди.
Черевконун айтымында, Афганистанда азык-түлүк кризиси гана эмес, адамдардын азык-түлүк сатып алууга жетиштүү кирешесинин болушу да маанилүү көйгөй болуп саналат.
Ал Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазалык классификациясынын (IPC) акыркы маалыматтарына шилтеме жасап, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Сентябрь жана октябрь айларында оогандардын болжол менен үчтөн бири, башкача айтканда, 15,9 миллион адам курч азык-түлүк жетишсиздигине туш болууда. Алардын арасында ачкачылыктын “өзгөчө” деңгээлиндеги шарттарда жашаган 3,4 миллион адам бар.
Мындан тышкары, кырдаал барган сайын начарлап баратат. Ноябрдан апрелге чейин созулган түшүмсүз кыш мезгилинде курч азык-түлүк жетишсиздигине кабылган адамдардын саны 19,2 миллионго чейин көбөйүп, алардын 5 миллиону ачкачылыктын “өзгөчө” деңгээлине туш болушу күтүлүүдө».
«Афганстанга жардамды улантышыбыз керек»
IPC отчетунда келерки жылы 4 миллиондон ашык бала курч тамактануу жетишсиздигинен улам дарыланууга муктаж болору көрсөтүлгөнүн белгилеген Черевко болжол менен 1,1 миллион бала курч тамактануу жетишсиздигинен жабыркашы күтүлүп жатканын айтты.
Ольга Черевко Ооганстанда тамактанууну колдоо борборлорунун үчтөн бирине жакыны каржылоонун кыскарышынан улам жабылганын же кызмат көрсөтүүнү токтотконун белгиледи.
Гуманитардык жардамдын зарылдыгын баса белгилеген Черевко: «Айрыкча шашылыш муктаждыктар көбөйүп, каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кескин чектелген учурда Афганистанга колдоо көрсөтүүнү улантышыбыз керек», — деди.




















