Түркия, Азербайжан жана Грузиянын Биргелешкен бажы комитетинин 5-жыйыны Азербайжандын Гөйгөл шаарында өттү.
Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы Шахин Багировдун жетекчилиги астында өткөн жыйынга соода министринин орун басары Сезай Учармак менен Грузиянын каржы министринин орун басары жана киреше кызматынын башчысы Мамука Бараташвили катышты.
Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсүнө ылайык, жыйында үч өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы учурдагы кызматташтык жана бул кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Жыйында Ортоңку коридор аркылуу жүк ташууларды көбөйтүүнүн алкагында транзиттик жол-жоболорду тездетүү, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, электрондук маалымат алмашууну жана санариптик бажы тиркемелерин иштеп чыгуу жана чек арадан өтүү процесстерин тездетүү темалары каралды.
Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун алкагында транзиттик жол-жоболорду жеңилдетүү жана бажы кызматтарынын ортосундагы координацияны күчтөндүрүү, ошондой эле транзиттик бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүү, электрондук маалымат алмашууга чейинки технологияларды иштеп чыгуу, тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин күчөтүү жана бажы мыйзамдарын бузууларга каршы күрөшүүдө кызматташууну бекемдөө темалары бааланды.
Ошондой эле жыйында мурунку жолугушууларда жетишилген келишимдердин аткарылышы каралып келечектеги иштер аныкталды жана протоколго кол коюлду.




















