ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия менен Украина бири бирин айыптады: 3киши каза болуп, 10дон ашууну жараланды
Москва Украинага таандык 592 дронду 18 түрдүү аймакта түн ичинде атып түшүргөнүн билдирсе, Киев Россия учурган 295 дрондун 267син атып түшүргөнү жарыялады.
Россия менен Украина бири бирин айыптады: 3киши каза болуп, 10дон ашууну жараланды
АРХИВ: Орусиянын Киевдеги чабуулунун кесепеттери. /Reuters

Россия менен Украина үч кишинин каза болушу жана 10дон ашуун кишинин жараланышына жол ачкан дрон кол салууларынан улам бири бирин айыптап жатат.

Ульяновск губернатору Алексей Русских араларында бир бала да болгон сегиз адамдын  жаракат алганын билдирсе, Воронеж губернатору Александр Гусев төрт адамдын жаракат алганын жана аймакта 88 дрондун атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ростов губернатору Новошахтинск мунай иштетүүчү заводунун жабыркаганын жана  иши токтотулганын, бирок эч кимдин жабыркабаганын маалымдады.

Россиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 18 аймакта, Кара деңиздин үстүндө жана оккупацияланган Крымда жалпысынан Украинанын 592 дронун атып түшүргөнүн билдирди.

Украинадагы кол салуулар

Россия түнкү чабуулдарда Киевдин жакындарындагы украин компаниясы Fire Pointко таандык дрон чогултуу заводуна, ошондой эле Одессада украиналык аскерлерге колдоо көрсөткөнү айтылган логистикалык борборлор жана порт инфраструктурасы талкаланганын билдирди.

Украина аба күчтөрү түнкүсүн учурулган 295 орус дрондун 267си атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Акыркы айларда эки тарап тең логистикалык, порттук жана энергетикалык инфраструктурага чабуулдарын күчөтүп, жарандарды атайылап бутага алып жатат деген айыптоолорду четке кагышты.

Иликте
Казакстандагы аскердик машыгуу учурунда 9 жоокер каза болуп, 7 жоокер дайынсыз жоголду
АКШнын казына министри Бессент: "Ирандын БУУдагы делегациясы өлкөсүнө кайра кантип кайтар экен"
Иран: "Эгер АКШнын чабуулдары улана берсе, биз кагылышууну Инди океанына чейин кеңейтебиз"
Нетаньяху нааразычылык жана коопсуздук эскертүүлөрүнөн улам Нью-Йоркко сапарын кыскартты
Францияда Газага карата жек көрүүчүлүк сөздөрүн айткан мугалимди 8 айга камоо талап кылынды
Украина: "Орусиянын чабуулдарынан 8 адам каза болду"
Албаниз: "Индия-Тынч океан аймагы супердержавалар жылдырган шахмат тактасы эмес"
Түндүк Корея "өзөктүк куралын түбөлүккө коргой турганын" билдирди
Түрк аба жолдору 150 чакты Boeing 737 MAX учагына буйрутма берди
Эфиопияда Тыграй Элдик Боштондук Фронту өкмөткө каршы "жалпы согуш" абалында экендигин жарыялады
Түркиянын УЕФА Улуттар Лигасындагы биринчи атаандашы Франция
Пакистан Афганистанда 10 жерге абадан сокку урганын жарыялады
АКШнын президенти Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди аэропортто тосуп алды
Президент Эрдоган Түркия-АКШ Ишкердик кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды