Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.
Министрликтин социалдык медиа аккаунтунда бөлүшүлгөн билдирүүсүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн 1974-жылдын 20-июлунда кипрдик түрктөргө каршы геноциддерди токтотуу үчүн "Айше эс алууга чыксын" деген пароль менен "Тынчтык" операциясын баштаганы эске салынды.
Билдирүүдө бул сөздөргө орун берилди: "Грек жана Кипр тарабынын Женева конференцияларындагы келишпес позициясынан улам «Айше эс алууга чыксын» паролу менен 1974-жылдын 14-августунда экинчи Тынчтык операциясы ишке ашырылды. Операциянын 52 жылдыгында биз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кипрлик түрк мекендештерибизди, шейиттерди жана каза болгон ардагерлерибизди эскерип, тирүү ардагерлерибизге ден соолук жана узак өмүр каалайбыз".























