Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас президент Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 11-13-август аралыгында Түркияга расмий сапар жасайт.
Президенттин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран бул сапар тууралуу маалыматты социалдык медиа баракчасында бөлүштү. Дурандын билдирүүсүндө:
СУНУШТАЛАТ
"Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу боюнча Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас 2026-жылдын 11-13-августунда өлкөбүзгө расмий сапар менен келет. 12-август шаршемби күнү өтө турган жолугушууларда Палестинадагы акыркы окуялар, эки тараптуу мамилелерибиз жана аймактык жагдайлар талкууланат", - деп жазылды.
















