Газага багыт алган Глобалдык Сумуд флотилиясындагы Израиль тарабынан кармалган 87 активист, өздөрүнүн камалышына нааразылык билдирүү жана Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундар менен тилектештигин көрсөтүү максатында ачкачылык акциясын башташты.
Фотилития шейшемби күнү X социалдык тармагында жасаган билдирүүсүндө, өзүн "эң адеп-ахлактуу армия" деп эсептеген Израиль куралдуу күчтөрүнүн үч жуманын ичинде экинчи жолу жолдошторун эл аралык суулардан уурдап кеткенин кабарлады.
Ошондой эле флотилия "мыйзамсыз уурдоого нааразылык билдирүү жана Израилдин түрмөлөрүндө кармалган 9500дөн ашык палестиналык барымтадагылар менен тилектештик билдирүү үчүн бошотулганга чейин кеминде 87 активисттин ачкачылык жарыялай турганын" кошумчалады.
Флотилия Израиль бийлиги тарабынан кармалган бардык туткундарды бошотууну талап кылып, өкмөттөрдү бул "каракчылык аракетин" айыптаган.
Флотилия ошондой эле Газа блокадасын жоюну жана бардык палестиналык туткундарды, ошондой эле флотилиядан уурдалгандардын баарын бошотууну талап кылды.
Шейшемби күнү Глобалдык Сумуд флотилиясына жардам кербениндеги бардык 50 кеменин Израиль тарабынан кармалганын жарыялады.
Кемелерде 44 өлкөдөн келген жалпысынан 428 адам, анын ичинде 78 түрк жараны болгон.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги X сайтындагы билдирүүсүндө бардык активисттердин Израилдин кемелерине которулуп, Израилге бара жатышканын, алардын ал жерде консулдук өкүлдөрү менен жолуга ала турганын билдирди.
Флотилия бейшемби күнү Түркиянын Мармарис шаарынан 2007-жылдан бери уланып келе жаткан Газага карата Израилдин мыйзамсыз блокадасын бузуу максатында жолго чыккан.
Бул флотилияга байланыштуу биринчи окуя эмес. Апрель айынын аягында Израиль армиясы Крит жээгиндеги эл аралык сууларда дагы бир флотилиядагы кемелрег кол салган. Ал кемеде 39 өлкөдөн 345 катышуучу менен Түркия жарандары болгон.
2007-жылдан бери Израиль Газа тилкесине катуу блокада киргизип, 2,4 миллион адамды ачкачылыктын чегине жеткирген.
2023-жылдын октябрь айында Израиль армиясы Газага каршы геноциддик согуш баштап, 72 000ден ашуун адамды өлтүрүп, 172 000ден ашуун адамды жаракат алып, курчоодо калган аймакта кеңири кыйроолорду жараткан.


















