ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
НАТО: Анкара саммити союздаштардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна багытталат
Башкы катчы Рютте Швецияда өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында маалымат жыйынын өткөрдү.
НАТО: Анкара саммити союздаштардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна багытталат
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Брюсселде маалымат жыйынын өткөрүүдө.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте 7-8-июлда өтө турган Анкара саммити союздаштардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна багытталарын билдирди.

Рютте азыркы коопсуздук чөйрөсү алда канча кооптуу экенин жана ошондуктан НАТОнун союздаштарынын коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешип иштеши өтө маанилүү экенин айтты.

Рютте Орусиянын Европа жана Атлантика коопсуздугуна "эң чоң коркунуч" бойдон калганын, союздаштар киберчабуулдар жана саботаж сыяктуу коркунучтарга да дуушар болуп жатканын маалымдады.

Украина жана Жакынкы Чыгыш Швециядагы союздаштар үчүн күн тартибинин негизги пункттарынын бири болорун баса белгилеген Марк Рютте, Ормуз кысыгы темасында союздаштардын чара көрүп жатканына көңүл бурду.

Рютте Ормуз кысыгын жабуу кеме жүрүү эркиндигине жана дүйнөлүк соодага түздөн-түз кол салуу болуп эсептелерин, көптөгөн өлкөлөр кеме жүрүү эркиндигин камсыз кылуу пландарынын айланасында биригип жатканын кабарлады.

Негизги маселенин болсо аткаруу экенин баса белгилеген НАТОнун башкы катчысы Рютте, НАТОнун түздөн-түз катышуусу боюнча айрым расмий эмес талкуулар жүрүп жатканын, кырдаалдын динамикалуу экенин айтты.

Гаага саммитинде союздаштар коргонуу каржылоолору боюнча тарыхый чечим кабыл алганын эске салган Рютте: "Ошондуктан Анкара саммити союздаштардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна багытталат. Маселе мындан ары биз көбүрөөк иш-аракет кылышыбыз керекпи же жокпу дегенде эмес. Чыныгы суроо союздаштар өз милдеттенмелерин канчалык тез мүмкүнчүлүктөргө айландыра алуулары", - деди.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды