Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары бейшемби күнү Цзянси провинциясында өткөн дем алышта катуу жааган жамгырдан улам болгон жер көчкүдөн кийин издөө-куткаруу топтору дагы бир адамдын сөөгүн тапканын билдирди. Ушундайча каза болгондордун саны 16га жетти.
Суйчуань округунун үч шаарында адам өлүмү катталды. Саудель тайфуну Кытайдын чыгыш жээгине жеткенден кийин аймакта бир нече күн бою нөшөрлөгөн жаан жаады.
Мамлекеттик CCTV телеканалынын маалыматына караганда, Гаопин шаарында селден 13 адам каза болгон.
Цзоань шаарынан дагы эки, Танху шаарынан бир адамдын сөөгү табылды.
Синьхуа агенттигинин маалыматына ылайык, Суйчуань округунда 18 миңден ашуун адам эвакуацияланды.
Мамлекеттик маалымат каражаттары буга чейин тайфун алып келген нөшөрлөгөн жаандан улам коңшу Хунань провинциясында эки адамдын каза болгонун кабарлаган.
CCTV телеканалы өлүмдөрдүн так себебин билдирген эмес. Бирок нөшөрлөгөн жаан жер көчкүлөргө жана башка кырсыктарга себеп болгону айтылды.
Саудель тайфуну 28-августта Чжэцзян, 3-сентябрда Фуцзянь провинцияларына барган.
Цзянси жана Хунань провинциялары Чжэцзян менен Фуцзянь провинцияларынан ички аймакта жайгашкан.


















