Израилдин расмий өкүлү жана кырдаал менен тааныш эки булак — Израиль оккупацияга алган Чыгыш Кудстагы Британия консулдугунун жабылышы керектигин жана бул жерде иштеген дипломаттардын 30 күндүн ичинде аккредитациясынан ажыратыларын билдиргенин айттты.
Эки булактын маалыматы боюнча, АКШ жетектеген Израилдеги Газа координациялык миссиясына дайындалган британиялык өкүлдөр, ошондой эле Рамаллада жайгашкан британиялык дипломаттар жети күндүн ичинде чыгып кетиши керек.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Британиянын оккупациядагы Батыш Шериада мыйзамсыз Израиль конуштарына санкция киргизүү чечимине жооп катары Чыгыш Кудстагы Британиянын консулдугун жабууну сунуштады.
Франция менен Канада да Британияга кошулуп, Израиль конуштарынан товар импорттоого тыюу сала турганын жарыялады.
Израиль өкмөтү шаршемби күнү Британиянын кадамын колдогон өлкөлөргө жооп кайтаруу маселесин талкуулоо үчүн жыйын өткөрөт.
Нетаньяхунун кеңсеси бул маселе боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Британиянын кадамын колдогон Франция менен Швециянын да Палестина бийлигине караштуу оккупацияланган Чыгыш Кудста аккредитацияланган консулдуктары бар.
Израиль буга чейин оккупацияланган Батыш Шерианын Рамалладагы дипломатиялык кеңселердин жабылышын камсыздаган. Канаданын да Рамаллада дипломатиялык кеңсеси бар.


















