Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен келишим түзүүгө даяр экендерин билдирип, алар ок атышпоону эмес, тынчтык келишимин каалагандарын жана эки өлкөнүн коопсуздугунун камсыз кылынышы керектигин айтты.
"Россия" мамлекеттик телеканалына берген билдирүүсүндө Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин маегинде "Аймактык жоготууларды кабыл алууга даярмын" дегенине сереп салды.
Орусиянын көзөмөлүнө өткөн аймактарга токтолгон Путин: "Бул алардын (Украинанын) жери эмес. Бул тарыхый Орусиянын жери. Андан тышкары бул жерлерде жашаган эл, биринчиден мамлекеттик көз карандысыздык үчүн, экинчиден Орусия Федерациясы менен кайра биригүү үчүн добуш беришкен. Ошондуктан менимче кандайдыр бир аймактык жоготуулар жөнүндө сөз кылуу туура эмес", - деди.
Путин бул кырдаал бардык аймактарда, айрыкча Европа өлкөлөрүндө Орусияга каршы өнөктүктүн себеби болуп жатканына көңүл буруп, ушул эле чөйрөлөр азыр Орусиядан келип чыккан коркунуч жана Орусия менен согушка даярдыктын башталышы жөнүндө тынымсыз айтып жатканын баса белгиледи.
Орусиянын президенти: "Бул саясий шизофрениянын бир түрү. Бирок мен бул дагы өтүп кетет деп үмүттөнөм", - деди.
"Бардык темада макулдашууга болот"
Путин алар Украинанын чыгышындагы эл менен макулдашууга жетишүү үчүн иштеп жатышканын, бирок Киев согушту тандаганын айтып, "Биз бүгүн да макулдашууга даярбыз. Бул татаал кырдаалды чечүү жолдорун табууга жана макулдашууга даярбыз. Бул эл бизге абдан жакын эл, түшүнүп жатасызбы? Дагы эмне айтууга болот? Акыркы генетикалык изилдөөлөр орустар менен украиндер чындыгында бир эл экенин көрсөтүп турат", - деди.
"Бардык темада макулдашууга болот. Менимче макул боло алабыз, биз муну кабыл алабыз", - деген орус лидери Путин, кандай болгон күндө да алар өз милдеттерин аткарып, "атайын аскердик операциянын" бардык максаттарына жетишерин кошумчалады.






















