ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 2023-жылдын сентябрь айында Орусиянын Чыгыш Сибирь аймагына сапары Пхеньян менен Москванын ортосундагы мамилелерде жаңы мезгилдин башталышы болгон.
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 2023-жылдын сентябрында Орусияга сапары эки тараптуу мамилелерде жаңы доордун башталышы болгон.

Түндүк Кореянын билим берүү министри Ри Йон Чхоль менен Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцов эки тараптуу мамилелерди, айрыкча билим берүү тармагын тереңдетүүнүн жолдорун талкуулашты. 

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, Түндүк Кореянын баш калаасы Пхеньянга расмий сапар менен барган Кравцов түндүк кореялык кесиптеши Ри менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы "жетишкендиктери жана тажрыйбалары" боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн жолдорун талкуулашты. 

Стратегиялык өнөктөштүк келишими 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 2023-жылдын сентябрь айында Орусиянын Чыгыш Сибирь аймагына сапары Пхеньян менен Москванын ортосундагы мамилелерде жаңы доордун башталышы болгон. 

Тогуз айдан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяга расмий сапар менен барып, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлган. 

Орусиянын лидери Путин келишим тараптардын бирөөнө кол салуу болгон учурда экинчисине аскердик жардам көрсөтүүгө милдеттендирилгенин билдирген. 

Түндүк Кореянын лидери Ким да келишимди "пакт" деп атап, мамилелер "жогорку союздаштык" деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгилеген.

Иликте
Иран: "Байытылган бир грамм уран да өлкөбүздөн чыгарылбайт"
Араб коалициясы: "Сауд Арабиясынын Медина жана чыгыш аймагында 5 дрондук чабуулдун алдын алынды"
Трамптын өкүлү Виткофф Зеленский менен жолугушкандан кийин Путинге жаңы тынчтык сунушун билдирет
Нигерияда Эбола вирусун жуктуруп алган алгачкы учур катталды
Мерц: «Түркиядан иммиграция Германияны маданий, экономикалык жана илимий жактан байытты»
Грецияда студенттер жогорку батир акысына жана жашоо-тиричиликтин кымбаттыгына нааразылык билдирүүдө
Маск Украинага көрсөтүлүүчү Starshield кызматын чектөө боюнча көрсөтмө берди
Израилдин коргоо министри оккупацияланган Түштүк Ливандан 200 миң жарандын жер которгонун айтты
АКШ президенти Трамптын айтымында, Иран менен болгон согуш "жакында" аяктайт
НАТО кемелерди коргоо үчүн Кара деңизге кошумча күчтөрдү жөнөтөт
Венгрияда Израилдин президентинин кортежине «коопсуздук максатында» желек илинген жок
Көрүнбөгөн фронт: Түркиянын электрондук согуш мүмкүнчүлүктөрү
Йемен: БУУ хуситтердин курчоосундагы Таизде гуманитардык коридорду ачууга чакырды
Ливия парламенти 2019-жылы Түркия менен түзүлгөн деңиз юрисдикциясы боюнча меморандумду бекитти
Чанкырыдагы Япраклы жайлоосу күздүн түстөрүнө бөлөндү