Министр Фидан сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты социалдык медиа аккаунтунда бөлүштү.
Аймактагы акыркы жагдайлар боюнча дипломатиялык байланыштарынын алкагында египеттик кесиптеши Абделати жана сауд арабиялык кесиптеши бин Фархан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган Фидан "Сүйлөшүүлөрүбүздө Газа тынчтык планын ишке ашыруудагы кыйынчылыктарды жана биз жасай ала турган кадамдарды бааладык" деп кошумчалады.
Фидан ошондой эле Сириядагы акыркы абалды талкуулагандарын, Сирияда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууну бекем колдой тургандарын кайталаганын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдө Ормуз кысыгындагы кырдаалды жана жаңжалга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөгү акыркы абалды да карап чыккандарын айткан Фидан: "Аймагыбызда тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган үч бир тууган өлкө катары биз бардык тармактарда кызматташуубузду жана координациябызды бекемдей беребиз" деп сереп салды.



















