САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Баскынчы Израиль Суккот майрамын шылтоолоп, Батыш Шерианы толугу менен жаап салды
Баскынчы Израиль жөөттөрдүн Суккот (Чатыр майрамы) майрамын шылтоолоп, басып алынган Батыш Шерианы толугу менен жаап салды жана бардык өткөрүү пункттарындагы жол кыймылын токтотту.
Баскынчы Израиль Суккот майрамын шылтоолоп, Батыш Шерианы толугу менен жаап салды
Басып алынган Батыш жээктеги Израиль аскерлери (Архив)

Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүн башталган толук жабылуу 3-октябрга, ишембиге чейин созулат. Израилдик күчтөр Батыш Шериадагы курчоону күчөтүп, көзөмөл пункттарындагы аскердик катышуусун көбөйтүүдө.

Жабылуу жана аскердик чектөөлөр палестиналыктардын ыйык жерлерге кирүүсүнө тоскоол болууда, ал эми Израилдин палестиналыктарга каршы чабуулдары аймакта уланууда.

Израиль жөөт майрамдарында палестиналыктардын күнүмдүк жашоосун катуу чектеген ыкмаларга кайрылууда. Батыш Шериадагы курчоону күчөтүү, көзөмөл пункттарындагы аскердик чектөөлөрдү көбөйтүү жана өтмөктөрдү жабуу менен Израилдик күчтөр шаарларда, шаарчаларда жана айылдарда жашаган палестиналыктардын кыймылына жана күнүмдүк жашоосуна олуттуу тоскоолдук кылып жатышат.

Иликте
Алиев: «5 жылдын ичинде кайра жаралуучу энергия Азербайжанда бардык жерде болот»
Орусиядан Европаны айыптоо: «Алар Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн бузуп жатышат»
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран   түрк тилинин чоң цивилизациялык байлык экенин айтты
Түркиянын энергетикадагы "жашыл" трансформациясы ылдам уланууда
Президент Эрдоган: "Тилибизге ээ чыгуу - келечегибизге ээ чыгуу"
Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук издөө кемеси сууга түшүрүлдү
WSJ: Трамп Ирандын жети күндүк ок атышууну токтотуу сунушун четке какты
"Дүйнө жүзү боюнча 117 миллион адам жер которгон"
Иран: Рютте Европанын Иран менен болгон согуштагы ролун моюнга алды
Ливан ЖМКсы: Израиль күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарда фосфорлуу ок-дарыларды колдонууда
"Иран АКШга ишенбейт"
Зидан, Франциянын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттешинин алдында Түркияны мактады
Израиль басма сөзү: "Нетаньяху өзүн укпаган дүйнөгө текебер жана көз карашы жок сөз сүйлөдү"
Президент Эрдоган Newsweek журналынын суроолоруна жооп берди
Сауд Арабиясынын Деңиз күчтөрүнүн стажерлору Түрк коргонуу компаниясы Байкарда окуудан өттү