Түрк аба жолдору (THY) 11-ноябрда Кытайдын ири экономикалык, технологиялык жана туризм борборлорунун бири болгон Чэндуга үзгүлтүксүз каттамдарын баштайт.
Түрк аба жолдорунун коммункация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Чэнду компаниянын Кытайдагы Пекин, Шанхай жана Гуанчжоу шаарларынан кийинки төртүнчү шаары болот.
Сычуань провинциясынын борбору жана 21 миллиондон ашык калкы бар Кытайдын алдыңкы шаарларынын бири болгон Чэнду электроника, автомобиль, авиация, биотехнология жана жасалма интеллект тармактарында иштеген көптөгөн эл аралык компанияларга ээлик кылат.
ЮНЕСКО тарабынан "Гастрономия шаары" деп аталган бул шаар жыл сайын миллиондогон конокторду Сычуань ашканасы менен гана эмес, чоң пандалардын табигый жашоо чөйрөсү болгон Чэнду Гигант Пандаларын Өстүрүү жана Изилдөө Борбору менен да өзүнө тартат.
Учуулар Boeing 787-9 Dreamliner учагы менен аткарылат
Стамбул-Чэнду каттамы боюнча каттамдар жумасына үч жолу: шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, ал эми Чэндудан Стамбулга каттамдар дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Чэнду Тяньфу эл аралык аэропортуна учуу үчүн 300 орундуу (30 бизнес-класс жана 270 эконом-класс) Boeing 787-9 Dreamliner учагы колдонулат.
Биринчи каттам 11-ноябрда ишке ашырылат
"TK226" деп белгиленген каттам Стамбул аэропортунан саат 02:05те учуп чыгып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:40та Чэндуга конот. "TK227" деп белгиленген биринчи кайра учуу 12-ноябрда саат 00:45те Чэндудан учуп, Стамбул аэропортуна саат 05:55те конот.
Атайын ачылыш кампаниясынын алкагында Стамбул-Чэнду жана Чэнду-Стамбул каттамдары боюнча эки тарапка эконом-класс билеттери 540 доллар, ал эми бизнес-класс билеттери 1991 доллардан башталат.























